Россиянын ЖОЖдоруна кыргызстандыктар үчүн 700 квота бөлүндү
- 10.10.2024
- 0
Россиянын жогорку окуу жайларына 2025/26-окуу жылына карата документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору («Русский дом») билдирди.
Окутуу Россия өкмөтүнүн квотасынын алкагында өтүп, абитуриенттер үчүн акысыз. Кыргыз жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алат.
Документтер 2025-жылдын 15-январына чейин бул сайтта кабыл алынат.
Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борборунун маалыматына ылайык, ЖОЖдордогу билим берүү программалар, профессионалдык өсүү мүмкүнчүлүктөр, бюджетке тапшыруу жана студенттик жашоо тууралуу билим берүү көргөзмөсү уюштурулат. Ал 14-15-октябрда Жусуп Баласагын атындагы КУУда өткөрүлөт. Кирүү акысыз.
Комментарийлер