ӨРНӨКТҮҮ ИНСАН – ЧЫНЫГЫ УСТАТ (КР Эл мугалими Арыстанова Светлана Амановна 80 жашта)

  • 25.04.2018
  • 0

                          “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”

                                                                                                           А.Токомбаев.

 Өрнөктүү инсандар өчпөс из калтырып: ак пейил, чыдамдуу, эрктүү, боорукер, айкөл, акылман, өз элинин келечегине кам көргөн, өз улутунун намысын бийик жана таза сактаган адамдар болушат. Коомдун өнүгүү жолунда — агартуучу,билимге-илимге үгүттөөчү, чыныгы устат, тарбия берүүчү түшүнүктөрдү байланыштырып, айкалыштырып турган кесиптик ишмердүүлүк — мугалимдик кесип. Бул  кесип ээлери караңгыда жанган шам сыяктуу,өз өмүрүнө өзгөчө кайталангыс  жол салып, тажрыйбасы, билими менен башкаларды сугара билүү, үлгү болуу  касиетине ээ. Ошондой өрнөктүү инсандардын катарына  Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, КР Эл мугалими, Билим берүүнүн мыктысы,  “Даңк”, “Эмгек эрдиги”, “Эмгек ардагери”, “Ата журт”, “Бишкек шаарына мыкты кызматы үчүн”, ” Мээримдүүлүк”  медалдарынын ээси  Арыстанова Светлана Амановнаны кошууга болот.

ӨРНӨКТҮҮ ИНСАН – ЧЫНЫГЫ УСТАТ (КР Эл мугалими Арыстанова Светлана Амановна 80 жашта)

90-жылдардан баштап №6 орто мектеп республикадагы эң алгачкы гимназия тибиндеги мектеп болуп саналган. Мектептин ылдам өсүп-өнүгүүсүнө, орто мектептен инновациялык гимназияга, кийинчерээк окуу-тарбиялык комплекс болуп кайра түзүлүүсүнө биринчи кезекте: өзгөчө жөндөмгө ээ жогорку билимдүү, эрктүү демилгечи, мектепти сүйгөн анын гүлдөп өсүшүн, имиджин жогорулата турган мыкты кесипкөй  жетекчи Арыстанова Светлана Амановнанын салымы чоң.

Светлана Амановна бир нече китептердин автору, анын ичинде “Салттуу эмес сабактар”, “Кыргызстандагы жаңы мектептер”  ошондой эле усулдук колдонмолор жана окуу программаларынын талдоочусу болуп саналат. Мектептин иш тажрыйбасы боюнча “Жаңыча билим берүүнүн теориясы жана практикасы” китеби жарыкка чыккан. “Мектептин миссиясы – бүтүрүүчү инсандын модели катары”, “Өнүгүп жаткан мектептин шартында, окуу тарбия иштерин уюштуруу”, “Билим жана моралдык баалуулуктар”, “Жаңыча билимди долбоорлоо”, “ Билим берүү аркылуу улут аралык карым-катнашты калыпка салуу”,” Инновациялык процессти ОТК жайылтуу”,           

” Кошумча билим берүү: мазмуну жана перспективасы”,  “Көп маданиятту билим берүү №6 АОТК концепциясынын  үлгүсүн    ишке ашыруу мектеби катары” ж.б илимий-статьялары жарыяланган.

ӨРНӨКТҮҮ ИНСАН – ЧЫНЫГЫ УСТАТ (КР Эл мугалими Арыстанова Светлана Амановна 80 жашта)Ааламдаштыруу мезгили — билим берүүнүн алдына чоң милдетти коет, ал милдет жаштарды көп улуттуу жана көп маданияттуу чөйрөгө даярдоо, ошондой эле түрдүү улуттар менен пикир алышуу көндүмдөрүнүн калыптанышын ишке ашыруу экендигин  Светлана Амановна өз кезегинде чоң маани берип, илимий эмгегине жазып  калтырган.

№6 АОТК мектеп-гимназиясында 24 ашык улуттун өкүлдөрү билим алышат.Мектеп жамааты  өсүп келе жаткан  муундарды көп маданияттуу  жашоого даярдоо экендигин эске алып, мектептин жашоо-ишмердүүлүгүнө  көп маданияттуу билим берүүнүн принциптерин  негиз катары койду.  Светлана Амановна көп маданияттуулук билим берүүнүн  максаты деп: Мектепте объективдүү жана социалдык, экономикалык, тарыхый жашоо шарттары менен аныкталып,   көп маданияттуу коомдогу  улуттардын психологиялык өзгөчөлүгүн айткан. Азыркы мезгилде көп тилдүүлүк жана  маданияттуулук идеясынын  өнүгүшү актуалдуу маанини билдирип турат. Светлана  Амановна  “2006-2016-жж. карата  №6 АОТК  концептуалдык долбоордун жаңы абалы” деген узак мөөнөттүү перспективдүү программасында “Гимназия коомдун — келечеги” деген жаңы моделди түзүү  милдеттерин койгон.  Чыгаан педагог №6 АОТК 10 жыл ичинде келечектеги күтүлүүчү долбоору катары:

мектеп коомдун келечеги; көп маданияттуу билим берүү мектеби жана жекече билим берүүнүн өнүгүү мектеби деп көрсөткөн.

     Ал эми  №6 АОТК мектеп-гимназиясынын көп маданияттуу билим берүүсү төмөнкү шарттарда гана өнүгөт деп баса белгилеген:

көм маданияттуу билим берүү маданияттын феномени; көп тилдүү жана эки тилдүү инсан катары;

-алдыңкы педагогдордун көм маданияттуу билим берүүсүнүн моделин жайылтуу аркылуу;

-педагогдук маданият-көп маданияттуу билим берүүнүн компетенти катары;

-көп маданияттуу билим берүүнүн өзгөчө белгилери катары( тил, тарых, искусство, фольклор, жалпы улуттук категориялар)

-гимназиядагы көп маданияттуу билим берүүдөгү уюштуруулар: жеке-инсанга багытталган мамиле, диалог-полилог, билимин жогорулатуу, көп маданиятту билим берүүдө инсандын өзүн-өзү калыптандыруусунун фактору катары.

Бул шарттардын ишке ашуусу,  баланын  инсандык касиетин сактап, дүйнөлүк маданий мейкиндикке сүңгүп кирүүсүнө мүмкүндүк берүүчү №6 АОТК миссиясынын маанилүү бөлүгү деп эсептеген.

Сезимтал, көрөгөч  инсан келечекке койгон узак мөөнөттүү перспективдүү программасынын болжолдуу, күтүлүүчү доолбордук иши иш жүзүнө ашып отурат.

2016-жылы ноябрь айында №6 АОТК мектеп-гимназиясынын жыйындар залында мектеп жамааты жана Көп тилдүү программасын пландоо боюнча адистердин, эл аралык көп тилдүү билим берүү боюнча Латвиядан келген өкүлдөрү  окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп,  мектепте көп тилдүүлүк прогограммасынын кабыл алынышы боюнча протокол түзүлүп, натыйжада, мектепте пилоттук класстар ачылып, мугалимдер көп тилдүүлүк боюнча билимдерин өркүндөтүп жатышат.

Светлана Амановна  билим берүү тармагында, мектеп тарыхында, окуучулардын эсинде түбөлүккө сактала турган өрнөктүү өмүрдүн ээси, сүйгөн кесибинин чыныгы устаты болгон.

Элибизде “устатынан шакирти ашпаса, акыр заман болот “дегендей  Светлана Амановна  түптөгөн мыкты, кесипкөй мугалим шакирттери калтырган эмгектерин  улантып кетүүгө дайым даяр!

Талыкпаган эмгек жасап илимге,

Маани  берип жасаган өз ишине.

Өрнөктүү инсан-чыныгы устат педагог,

Калтырган изи окшошуп  өз дилине.

 Сыйлык алып, сыймык алып кадырлуу,

Жазган илим, түгөнбөс кенч  аркылуу.

Кала берет эл эсинде сакталып,

Белек кылган эмгегинин баркы улуу.

ӨРНӨКТҮҮ ИНСАН – ЧЫНЫГЫ УСТАТ (КР Эл мугалими Арыстанова Светлана Амановна 80 жашта)

  Бактыгүл  Турдубаева,

  №6 АОТК мектеп-гимназиясынын            

  кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер