РISA-2025 СЫНАГЫНА ҮМҮТ АРТКАН УСУЛЧУ

  • 13.08.2024
  • 0

«Кыргызстан эки ирет тең эң акыркы орунду ээлеген болчу. Бул жолку PISA-2025 сынагы өлкөбүз үчүн ийгиликтүү болоруна ишенем», — деп жооп берди биздин эл аралык абройлуу сынакка карата учурдагы даярдыктар тууралуу сурообузга Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук каананын усулчусу  Эламан Жанышов.

РISA-2025 СЫНАГЫНА ҮМҮТ АРТКАН УСУЛЧУ

Райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук каанасынын  PISA прогаммасы боюнча  тейлөөчү усулчусу, Ош билим билим берүү институтунун STEAM билим берүү боюнча  лектору Эламан Жанышовдун жогорудагыдай оптимисттик көз карашын албетте, биз, журналисттер да, колдоого алдык. Анткени, жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштерге баа берген өз  жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында билим берүү тутумунун 90 миң кызматкери (анын ичинде райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, завучтар жана мектеп мугалимдери, усулчулар, бала бакчалардын тарбиячылары) PISA-2025 катышуу, медиа сабаттуулук, өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуу, “жашыл көндүмдөр, санариптик сабаттуулук, чет тилдерди окутуунун коммуникативдик ыкмалары, инновациялык педагогикалык технологиялар, STEM билим берүү курстарынан өтүшкөнүн өз сөзүндө баса белгилеген. Бул деген өлкөбүздө алдыдагы PISA-2025 сынагына даярдык иштери тыкыр жүрүп жатканын билдирет.
Экинчиден, райондук окуу-усулдук каананын PISA программасы боюнча тейлөөчү адиси Эламан Жанышов алдыдагы Август педагогикалык кеңешмесинин алкагында үч мамлекеттин катышуусунда өтүүчү билим берүү саммиттинде Сингапурдун окуучуларды эл аралык сынакка даярдоо тажрыйбасы тууралуу кенен маалымат берилет деген ойдо турат.

-Эл аралык сынакка окуучуларды даярдоодогу Сингапур тажрыйбасы биз үчүн абдан баалуу болуп саналат. Аны ар тараптан изилдеп, пайдалуу жагын өз ишибизге колдонушубуз керек, — деди усулчу.

Эламан Жанышов деген ким? Ал өлкө мектептерин келерки жылдагы абройлуу сынакка  татыктуу даярдоо үчүн өлкө ичиндеги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн баарында түзүлгөн PISA программасын тейлөөчү адис. Кесипкөй кызматкер буга чейин райондогу  №27 Топ-Терек негизги мектебинде  окуу-тарбия иштери боюнча  директордун орун  басары, физика мугалими болуп эмгектенген. Ал ары кызыктуу, ошол эле учурда өлкөнүн билим берүү тармагына таасын баа берген бул эл аралык программага Ош облустук билим берүү институтунун Инновация каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов өзү сунуштаганын айтат.

— Менин жөндөмүмө карап, ушул программага катышууга чакырган Тынчтыкбек агайга терең ыраазычылык билдирем, — дейт жаш адис.

Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде атайын адистин уюштуруучулук аракеттери аркасында район мектептеринде тагдыр чечүүчү сынакка даярдык көрүү иштери бир топ жанданганын билдик.
Кара-Суу райондук  билим берүү бөлүмүнүн  алдындагы окуу-усулдук каанасы  тарабынан райондогу мектеп директорлоруна  жана  орун  басарларына  PISA-2025 эл  аралык  программасы боюнча  жетиштүү маалымат берилди. Эми кандай иш болбосун, иштин майын чыгара иштеген болот эмеспи, анын сыңарындай, райондо бул саамалыкта №84 А.Парпиев, №39 А.Султанов,  №80 Х.Тажиматов, С.Маматов  атындагы орто мектептер өткөн 2023-2024-окуу жылында өзгөчөлөнгөнүн белгилей кетели. Атайын адистин айтымында, жогорудагы билим берүү мекемелери программа боюнча тесттик  базаларды түзүүдө  бел чечпей иштешти жана өздөрү топтогон алдыңкы тажрыйбалары  менен  райондогу, облустагы башка мектептер менен байма-бай бөлүшүп турушат. Ал эми  жалпы  район  боюнча Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган  сынамык  тестке   109 окуучу  катышып, жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылды.
Биз, журналисттер, атайын адистен PISA программасы боюнча мугалимдерге канча ирет окуу иштери уюштурулганына кызыктык.

— Жыл  ичинде  төрт ирет семинар-тренинг жана  мастер класс, тегерек үстөл  өтүлдү, — деп жооп берди ал.

Буга кошумча Эламан Жанышов программа боюнча окуу иштерине катышып жүрүп, өзгөргөн мугалимдер, директорлор көп болгонун да айта кетти.

— Ар бир семинар-тренингден кийин мугалимдер  жана  мектеп директорлору  менен  жекече  аңгемелешүү   жүргүзүлөт. «Семинарга дейре PISA   деген өтө татаал  түшүнүк болсо керек дечүмүн, көрсө  билим  алса, анын ийгилигине кызыкса, бардык мугалимдер  үчүн керектүү программа экен» дешүүдө катышуучулар, — дейт программалык адис.

Эламандын дагы бир ийгилиги менен сиздерди тааныштыра кетели. Ал жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган атайын сынакка катышып, Ош облусунан тандалып алынган 20 усулчунун катарында PISA программасы боюнча өтүүчү окуу иштерине чакыруу алды.

Ал эми бул тренингдерди эл аралык сынакта такай алдыңкы орунда турган өлкөдөн келген тренерлер өтөрү биздин каарман үчүн жагымдуу жаңылык болду.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер