РЕСПУБЛИКАЛЫК ВИДЕО ЖАНА ОНЛАЙН КУТТУКТООЛОР АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 04.12.2020
  • 0

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында республикалык деңгээлде уюштурулган видео жана онлайн куттуктоолор акциясы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Сыйлоо аземи 3-декабрда Кыргызстан Эл аралык университетинде өттү.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ВИДЕО ЖАНА ОНЛАЙН КУТТУКТООЛОР АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Акцияга келген видеолор алгач райондук деңгээлде сындан өтүп, жакшы баа алгандар экинчи турга тандалып алынган.

Жалпысынан акцияга 300гө жакын онлайн куттуктоо, видеоролик даярдалып, социалдык тармактарга жайгаштырылган. Анда мамлекеттик тил күнүнө арналган көркөм окуу, макал-ылакаптарды айтуу жана кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырлар болду.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ВИДЕО ЖАНА ОНЛАЙН КУТТУКТООЛОР АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Видео акцияны баалоодо көркөм окууда интонация, ыргак, тыным ж.б. басым коюлган. Ал эми презентацияда дизайн, шрифт, композиция, коррекцияланган текст, чектелген убакыттын тактыгы жана улуттук баалуулуктардын камтылышы, оригиналдуулугу (идея, заманбап технологияларды колдонуу), адабий тилдин ченемдеринин сакталышы, материалдын сабаттуулугу каралган.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ВИДЕО ЖАНА ОНЛАЙН КУТТУКТООЛОР АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

1-орун

№91 мектепке чейинки билим берүү уюму

№12 мектеп-гимназиясы

№51 мектепке чейинки билим берүү уюму

2-орун

№54 мектеп-гимназиясы

№15 мектеп-гимназиясы

К.Закиров атындагы №2 орто мектеби (Жалал-Абад шаары)

№180 мектепке чейинки билим берүү уюму

3-орун

№21 орто мектеби

№78 орто мектеби

№33 мектеп-гимназиясы

№5 мектепке чейинки билим берүү уюму

Акцияга жигердүү катышкан билим берүү мекемелери:

№64 мектеп-гимназиясы

№96 орто мектеби

№71 орто мектеби

№181 мектепке чейинки билим берүү уюму

№25 мектеп гимназиясы

№4 мектеп-гимназиясы

№43 мектеп-гимназиясы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер