ТАРБИЯ ФОРУМУНУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

  • 19.12.2022
  • 0

2022-жылдын 17-18-декабрында алгачкы жолу “Улуттук нарк — улуттун жүзү” аталышындагы тарбия иштери боюнча республикалык форум өттү.

ТАРБИЯ ФОРУМУНУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Форумдун жүрүшүндө “Тарбия жана мектеп. Нарктуу жаранды калыптандыруудагы мектептин ролу”, “Тарбия жана үй-бүлө. Салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун артыкчылыктары”, “Тарбия жана мамлекеттин өнүгүүсү. Нарктуу коомду курууда жалпы билим берүү кызматкерлеринин Кыргызстандын жарандарына үлгү” темаларында пленардык талкуулар уюштурулду.

Форумдун катышуучулары балдарга жана жаштарга руханий адеп-ахлактык тарбия берүүдө жана алардын билим алуусунда билим берүү уюмдарынын, үй-бүлөнүн жана мамлекеттин күчтөрүн бириктирүү зарыл экенин белгилешти.

Пленардык талкуулардын, жасалган баяндамалардын жыйынтыгында “Улуттук нарк – улуттун жүзү” аттуу тарбия иштери боюнча республикалык форумду жыл сайын өткөрүү кабыл алынды. Ошондой эле резолюцияда төмөндөгүлөр белгиленди:

  • азыркы коомдогу тарбиянын социалдык статусунун жогорулашын;
  • жаш курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен патриоттук тарбиялоонун, руханий-адеп-ахлактык багыттарына өзгөчө көңүл буруу менен биринчи кезекте өспүрүмдөр жана жаштар аудиториясына багытталган иштин жаңы формаларын жана методдорун, патриоттук тарбиялоонун натыйжалуу технологияларын практикага киргизүү;
  • окуучулардын руханий-адеп-ахлактык жактан өнүгүү, окуучуларды тарбиялоо программаларын, класс жетекчилеринин тарбия иштеринин пландарын Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 30-августундагы № 303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык актуалдаштыруу;
  • баланы тарбиялоо маселелеринде үй-бүлөнүн жоопкерчилигин жана активдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле “Ата-энелер” мектеби программасын мындан ары дагы жайылтуу керектиги;
  • тарбия иштерине ыктыярчыларды, жаштар уюмдарынын, кыймылдардын мүчөлөрүн, коомдук уюмдардын, ата-энелерди, улуу муундун өкүлдөрүн, ошондой эле  “бирдей  билим  алуу” (равный-равному)  моделинин  негизинде атайын  окутулган  теңтуштарды тартуу керектиги;
  • тарбия берүү чөйрөсүндө ченемдик-укуктук жактан жөнгө салууну андан ары өркүндөтүүнү камсыздоо максатка ылайыктуулугу;
  • Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук материалдык маданиятын сактоо жана өнүктүрүү (анын ичинде улуттук ашканасын, улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн, улуттук музыкалык аспаптарынын салттуу түрлөрүн, улуттук оюндарынын салттуу түрлөрүн)  боюнча сунуштамаларды, нускамаларды иштеп чыгуу, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу керектиги;
  • билим берүү мекемелеринин базалык окуу планына кыргыздардын жана Кыргызстан элинин наркы жана үрп-адаттары боюнча “улут наркы” сабактарын киргизүү жана аны класстан тышкаркы саат катары өткөрүү керектиги;
  • билим берүү мекемелеринин ички жасалгаларында кыргыздын улуттук оюмдарынын элементтерин колдонуу максатка ылайыктуулугу;
  • тарбия берүүнүн жана салттуу билимдердин салттуу системасынын негизинде бала бакчаларда, мектептерде жана жогорку окуу жайларда тарбия берүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу керектиги;
  • мектептердин окуучуларынын арасында республикалык    аскердик-патриоттук оюндарды, иш-чараларды өткөрүү ж.б.
Бөлүшүү

Комментарийлер