РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 15 ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

  • 15.11.2024
  • 0

Бүгүн, 15-ноябрда республика боюнча 15 объекттин ачылышы болуп, ага өлкө башчысы Садыр Жапаров онлайн катышты. Президент бул долбоорлор билим берүү жана спортко жеткиликтүүлүктү жакшыртууга эле эмес, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталгандыгын баса белгиледи.

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 15 ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

Алсак, Алай районунун Талды-Суу айылында заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди, ал жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаштардын дене тарбия жана спортту өнүктүрүү борборуна айланат.

Долбоордун наркы 23,8 млн сомду түзүп, анын беш миллиону республикалык бюджеттен алынса, калган 18,8 млн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 15 ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

Кара-Кулжа районунда болсо 275 окуучуга ылайыкталган К.Мамаев атындагы орто мектеп ачылды. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 146,8 млн сом бөлүнгөн. Долбоордун жалпы сметалык наркы 175,1 млн сомду түздү. Мектептин эски имараты 1964-жылы ашар жолу менен курулган. Кийин 2015-жылы авариялык абалда деген чечим чыккан.

Ал эми Ноокат районунун Үч-Бай айылында да 275 орундуу билим уясы пайдаланууга берилди. Ал толугу менен республикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун наркы 117,9 млн сомго жетти.

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 15 ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

Ошондой эле Түп районунун Тогуз-Булак айылында 275 орундуу мектептин ачылышы аземи болду. Мектептин курулушу 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 135 млн сомду түздү. Мектептин жалпы аянты 1383 чарчы метр.

Мындан сырткары, Нарын шаарындагы 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы  С.Райымбеков атындагы мектепке жаңы спорт залдын ачылыш болду.

Чүй облусунун Сокулук районунда  180 орундуу, Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында  100 орундуу бала бакча бөбөктөргө эшигин ачты.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер