РЕКТОРЛОРДУН БИРИНЧИ ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ ӨТӨТ
- 28.09.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку окуу жайлар ассоциациясы биргеликте уюштурган “Жогорку билим берүү системасындагы өнөктөштүк жана инновацияны интеграциялоо” темасындагы Кыргызстан жана Өзбекстандын ректорлорунун катышуусундагы биринчи эл аралык форум 3-4-октябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде өтөт.
Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Өзбекстан Республикасынын жогорку билим, илим жана инновация министринин биринчи орун басары Комилжон Каримов, Өзбекстандагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү Муса Жаманбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү Хуршид Мирзахидов, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы Кыргыз Республикасынын өзбек мектептери үчүн окуу китептерин даярдоо борборунун директору Мухаммаджан Мамасаидов да катышат.
Иш-чара ар кыл темадагы докладдар окулуп, пленардык талкуулар орун алат.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер