РАЗЗАК- ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ, АСАНДЫН КОЛО БАЙГЕСИ

  • 24.10.2024
  • 0

Бул күндөрү Албаниянын Тирана шаарында грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат.

РАЗЗАК- ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ, АСАНДЫН КОЛО БАЙГЕСИ

67kg GR — Razzak Beishekeev (KGZ)

Грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев  дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, күйөрмандарды кубанычка бөлөдү. Финалдык беттеште Бейшекеев  грузиялык атаандашы Диего Чхиквадзени 6:1 эсеби менен жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Раззак Бейшекеевдин медалы грек-рим күрөшүнөн 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатынан кыргыз балбандарынын ичинен алгачкы алтын байге болуп, тарыхта  калды.

Дүйнө чемпионатында 67 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Бейшекеев жалпы беш беттеш өткөрдү. 1\16 финалда албаниялык Даниэль Даянини 10:1, сегизден бир финалда азербайжандык балбан Фарид Халиловду 4:1, чейрек финалда жапон балбаны Харуто Ябени 9:0 эсебинде артыкчылык менен жеңип, чеберчилиги менен адистердин көңүлүн бурду. Ал жарым финалда Арсланбек Салимовду 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, баш байгеге талапкер болду.

Келечегинен үмүткөн кылган Раззак Бейшекеев учурда 20 жашта. Ал уландар арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл), 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиону(2023-жыл) болгон. Азия оюндарынын коло медалынын ээси (2023-жыл). Чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын күмүш, коло медалдарын уткан.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн тогуз балбан мелдештерге катышууда.

РАЗЗАК- ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ, АСАНДЫН КОЛО БАЙГЕСИ

87kg GR — Asan  Zhanyshov (KGZ)

Кыргыздын дагы бир балбаны Асан Жанышов  87 кг салмакта коло медаль үчүн беттеште америкалык Пэйтон Якобсонду 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен утуп алды.

Асан алгачкы таймашууда венесуэлалык Брайан Маринда 7:3 эсебинде жеңип, сегизден бир финалда армениялык Виген Назарянды да 6:2 эсебинде жеңип алган.  Чейрек финалда Владислав Дяхилевди 10:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утканы менен жарым финалда орусиялык Аэс Гонибовго аз упай менен алдырып койгон эле.  19 жаштагы Асан Жанышов быйыл сентябрь айында уландар арасында дүйнө чемпиону аталган.  Эми дагы табында экенин далилдеп, бир ай өтпөй 23 жаштагылар арасында дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгону келечегинен көптү үмүттөндүрөт. Ал уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону болуп саналат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер