РАСУЛ АВАЗБЕК УУЛУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 17.03.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 217 тескемесине ылайык Абазбек уулу Расул Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызмат орунду Джайнакова Гүлнур Бердибаевна ээлеген.

 

Абазбек уулу Расул

Туулган күнү: 1979-жылдын 2-ноябры

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы

Билими:

1997-2002-жж. – ОшМУнун тарых факультети

Илимий даражасы:

Саясий илимдердин кандидаты

Жарык көргөн эмгектери:

Отуздан ашуун илимий эмгектин автору.

Иш тажрыйбасы:

2022-жылдын 16-мартынан тартып – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
2020-2022-жж. – Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси;
2019-2020-жж. – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кеңешчиси;

2018-2019-жж. – ОшМУнун Дистанттык окутуу жана жаңы технологиялар башкармалыгынын директору;
2017-2018-жж. – ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору;
2016-2017-жж. – ОшМУнун окуу-маалымат бөлүмүнүн директору;
2015-2016-жж. – ОшМУнун окуу-маалымат бөлүмүнүн сырттан окуу жана дистанттык окутуу боюнча башкы адиси;
2015-2019-жж. – «Ынтымак» телеканалынын «Чарпалек» автордук программасынын алып баруучусу;
2003-2015-жж. – ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу, доценти, долбоордун жетектөөчү адиси, профсоюздук комитетинин төрагасы, декандын тарбия иштери боюнча орун басары, декандын илимий иштер боюнча орун басары;
2012-2015-жж. – КР Илимдер улуттук академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык изилдөөлөр институтунун жетекчиси, улуттар аралык мамилелерди изилдөө бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери;
2011-2015-жж. – Тынчтыкты курууну жана өнүктүрүүнү изилдөө борборунун жетекчиси;
2006-2013-жж. – «Фергана өрөөнүндөгү бейпил өнүгүү» коомдук фондунда мониторинг боюнча адис, директордун жардамчысы, аткаруучу директор;
2002-2003-жж. – Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Жаштар комитетинин төрагасы, ректордун жардамчысы.

Эксперттик ишмердүүлүгү:
2015-жылдын июль-декабрь айлары – Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун «Тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдү ыкчам жана өз убагында маалымдоо үчүн шайлоо процессине байланышкан тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү» долбооруна мониторинг жүргүзүү боюнча эксперт;
2014-2015-жж. – БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Тынчтык жана өнүктүрүү программасынын чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперти;
2013-2014-жж. – ACTED-Кыргызстан уюмунун чыр-чатактын алдын алуу жана тынчтык орнотуу боюнча эксперти;
2012-2014-жж. – «Youth of Osh» коомдук уюмунун чыр-чатактар боюнча эксперти,

Саясий чечимдер институтунун аналитикалык борборунун («Борбордук Азиядагы коопсуздук индекси» долбоору) эксперти.

 

Коомдук ишмердүүлүгү:

— CARTI программасынын стипендиаты (2009-2011);
— Чыр-чатактардын алдын алуу боюнча Ош облустук комитетинин мүчөсү;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек миграциясы, гендердик жана жаштар саясаты боюнча коомдук палатасынын жумушчу тобунун мүчөсү;
— Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгондорго жана жабыркагандарга бир жолку жөлөк пулду бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү;
— Кыргыз Республикасынын түштүк аймагы боюнча Жаштар кеңешинин мүчөсү;
— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдик жана диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү.

 

Сыйлыктары:
— ОшМУнун мыкты окутуучусу (2009);

— ОшМУнун Ардак грамотасы;
— ОшМУнун профсоюздук комитетинин Ардак грамотасы;
— Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;
— Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы;
— Эмгек, миграция жана социалдык коргоо министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын Ардак грамотасы.


Билген тилдери:
Кыргыз (эне тили), орус (эң жакшы), англис (жакшы)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер