ПСИХОЛОГ, ФИЗИКТЕРГЕ ПЛАН ТОЛДУ, ГЕОГРАФТАРГА — КЕМИДИ

  • 03.09.2020
  • 0

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу аяктады. Быйыл дагы жылдагыдай эле гранттык орундар толгон жок. Келишимдик негизде билим алуу үчүн 19067 абитуриент кабыл алынды.

ПСИХОЛОГ, ФИЗИКТЕРГЕ ПЛАН ТОЛДУ, ГЕОГРАФТАРГА - КЕМИДИ

ГРАНТТЫК ОРУНДАР ТУУРАЛУУ

Мамлекет тарабынан жогорку окуу жайларга жалпы 5440 гранттык орун бөлүнгөн.  Анын 580 жалпы республикалык тестирлөөсүз кабыл алына турган (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт) адистиктер үчүн каралган. Бул орундарга кабыл алуу планы 100% аткарылды. Калган  4860 орундун  391 бош калды. Учурда магистратурага кабыл алуу жүрүүдө, бул багыт үчүн 454 бюджеттик орун каралган. Пандемиянын убагында мамлекеттеги медиктерге болгон муктаждыкты эске алуу менен август айында медициналык багыт боюнча дагы кошумча 90 бюджеттик орун бөлүнгөн.

 

КАБЫЛ АЛУУ КАНДАЙ БОЛДУ?

Белгилүү болгондой быйыл Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу биринчи жолу онлайн режиминде https://2020.edu.gov.kg/ порталы аркылуу жүргүзүлдү. Билим берүү жана илим министрлигинде аны ишке ашыруу үчүн атайын автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыккан. Мындай кабыл алуу биринчи кезекте коронавирус коркунучу тооруп турган шартта абитуриенттердин саламаттыгын сактоону камсыздаса, экинчиден, тандоону сырткы факторлордун кысымы жок, максималдуу түрдө акыйкат жүргүзүүгө шарт түздү. Башкача айтканда, абитуриенттер кабыл алуунун жүрүшүнө өздөрү үйдөн отуруп эле көз салып, кимде канчалык мүмкүнчүлүк бар экенин, кайсы жерде конкурс кандай болуп жаткандыгын көзөмөлдөп, ошого жараша окуу жайын, каалаган кесибин тандашты.

Бул система аркылуу Кыргызстан боюнча 64 окуу жайы беш тур менен абитуриенттерди кабыл алды. Кабыл алуу мамлекеттеги кырдаалга байланыштуу мурдагыдан он күн кечиктирилип башталып, бешинчи туру  29-августта аяктады. Жалпы жыйынтык боюнча, гранттык орундар үчүн 21200 билдирүү түшсө, контракттык окууга 35260 билдирүү түштү.

Бюджеттик негизде тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердики 60 бойдон калтырылды.  Ал эми келишимдик негизде тапшыруучуларга мамлекеттеги кырдаалга байланыштуу негизги тесттин босого баллы 110дон 105ке түшүрүлдү (медицина жана фармация адистиктеринен башкасы).

 

 

МЕДИЦИНАЛЫК БАГЫТКА КОШУМЧА БӨЛҮНГӨН ОРУНДАР ТОЛГОН ЖОК

Медициналык багыт боюнча  кошумча бөлүнгөн  90 гранттык орундун   70 дарылоо ишине, 20 медициналык-профилактикалык иш адистигине каралган. Бул орундар үчүн кошумча тур 22-августтан 26-августка чейин өткөрүлдү. Натыйжада дарылоо иши адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына берилген 30 орун толугу менен толуп, медициналык-профилактикалык иш адистиги боюнча  бөлүнгөн 10 орунга эч ким барган жок.

Ош мамлекеттик университетинде дагы ушундай эле. Дарылоо иши адистиги боюнча каралган 20 орун толугу менен толсо, медициналык-профилактикалык иши адистигине бөлүнгөн орундар толбой калды. Кыргыз-Россия Славян университетине бөлүнгөн дарылоо иши адистигинин 20 орундун баары толду.

Кошумча гранттык орундар төмөнкү адистиктерге бөлүндү: эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог, реаниматолог. Бул студенттер бакалаврды аяктаган соң жогорудагы багыт боюна ординатурада окуусун улантышы керек.

 

Окуу жайлар боюнча

Кайсы окуу жайда кабыл алуу кандай болгондугун айрым университеттердин мисалында карап көрдүк. Биринчи турда эң көп абитуриент тапшырган окуу жайы Ош мамлекеттик университети болду. Жалпы 390 гранттык орун бөлүнсө, ага 3635 талон ташталган. Азыр дагы эң көп абитуриент кабыл алгандардын сап башында турат. 2-сентябрга карата алынган маалыматка таянсак, бакалавр боюнча адистиктерге тапшыргандардын жалпы саны 4801 түзсө, орто кесиптик билим берүүгө тапшыргандардын саны 5083 жетти. Учурда алыскы жана жакынкы чет өлкөлүк студенттер үчүн кабыл алуунун кийинки турлары жүрүп жатат.

И. Арабаев атындагы КМУда  дагы бюджет боюнча план толугу менен аткарылып, учурда магистратурага бөлүнгөн бюджеттик  орундарга  сынак жүрүүдө. Контракттык негизде кабыл алуу планы болсо толук аткарылган жок. Быйыл жалпы 2500 абитуриент кабыл алуу пландалса, анын 200дөй оруну бош турат.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында план 95% аткарылды. Медициналык-профилактикалык иши адистигине бөлүнгөн орундар гана толбой калды. Бул окуу жайда жылда дарылоо иши адистигин тандагандар көп болот. Быйыл дагы дал ушул адистикте конкурс чоң болду.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында дагы кабыл алуу жылдагыдай эле.

  • Быйыл пандемияга байланыштуу план толбой калат го дегенбиз. Сынактар дагы реалдуу режимде өттү. Тилекке жараша, андай болгон жок. Бюджеттик орундарыбыз толугу менен толду. Контракттык бөлүмгө дагы конкурс жакшы эле болду. Жылдагыдан айырмаланган жок, — дейт ректор Токтобек Иманалиев.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинде болсо бюджеттик орундар 100% толгону менен контракттык кабыл алуу көңүл жылытарлык эмес. План боюнча жалпы 160 абитуриент кабыл алынышы керек болсо, анын 106 бош калды.

Жогорку окуу жайлардын ичинен кабыл алуу планын жылдагыдан көбүрөк аткаргандар дагы бар. Алардын бири  Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети. Бюджеттик орундардын планы толугу менен аткарылып, контракттык окууга жылдагыдан көбүрөк абитуриент кабыл алынды.

 

ПСИХОЛОГ, ФИЗИКТЕРГЕ ПЛАН ТОЛДУ, ГЕОГРАФТАРГА - КЕМИДИ

САП БАШЫНДАГЫ АДИСТИКТЕР

Акыркы жылдары замандын өзгөрүшүнө, мамлекеттеги жана коомдогу адистиктерге болгон талапка ылайык, жаштардын кесип тандоо багыты өзгөрүп жатканын байкоого болот. Мурун юридикалык, экономикалык багыттагы адистиктерге көбүрөөк тапшырышса, азыр IT, техникалык, педагогикалык адистиктерин, чет тилдерин тандагандар көбөйдү. Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУда дал ушул адистиктерде конкурс чоң болду. Педагогикалык адистиктердин ичинен дагы мектепте көбүрөөк саат бөлүнгөн адистиктерге тапшыргандар басымдуулук кылат.  Мисалы, башталгыч класстар мугалими, логопед, психолог болууну каалагандар, физика-математика, маалыматтык технологиялар багытындагы адистиктерге тапшыргандар көп. Тилекке каршы, география-экология, чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер, дин таануу факультетин тандагандар дээрлик болгон жок.

ПСИХОЛОГ, ФИЗИКТЕРГЕ ПЛАН ТОЛДУ, ГЕОГРАФТАРГА - КЕМИДИ

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде дагы Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун маалыматтык системалар жана технологиялар, колдонмо информатика, компьютердик лингвистика, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, программалык инженерия IT, информатика-математика сыяктуу адистиктеринде сынак чоң болду.

  • Андан сырткары архитектура жана дизайн, архитектуралык чөйрөнүн дизайны деген сыяктуу адистиктерге конкурс жылдагыдан чоң. ЖРТдан сырткары экзамен дагы уюштурулду. Сүрөт жана композиция деген эки экзаменден ийгиликтүү өткөндөр гана кабыл алынды, — дейт кабыл алуу комиссиясынын өкүлү.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер