ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ДОБУШ БЕРЕ ТУРГАНДАР РЕКОРДДУК КӨРСӨТКҮЧКӨ ЖЕТИШИ КҮТҮЛҮҮДӨ

  • 26.11.2020
  • 0

Саясий социология илим изилдөө институту (Москва шаары) өз демилгеси менен кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Сурамжылоо республиканын бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Респонденттердин жалпы саны 7088 болду. Жашы 18ден жогору болгондор сурамжылоого алынган.

“Эгерде Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?” деген суроого жарандардын 84,5%ы ооба деп жооп берген. 10,6%ы шайлоого барууга даяр эмес, дагы 4,9%ы жооп берүүдө кыйналган. Мындай сурамжылоолордун тажрыйбасы көрсөткөндөй, ар кандай себептерден улам шайлоого реалдуу катышуу болжолдонгондон да төмөн болот. Анткен менен Кыргызстан 2021-жылдын январь айында бул көрсөткүч боюнча жаңы рекорд коет деп айтууга негиз бар. Добуш берүүгө барам дегендердин ичинен Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустары алдыда. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда шайлоочулардын добуш берүүсү аз болору күтүлүүдө.

Кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү. Биринчи орунду мурдагы өлкө президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров (59,11%). Экинчи орунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров (3,23%), андан кийин парламенттин экс-спикери Канат Исаев (0,86%) турат. Ошондой эле алдыңкы бештикке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов (0,28%) жана активист Арстан Алай (Абдылдаев) (0,26%) кирген. Мурунку депутат Равшан Жээнбеков 0,22% добушка ээ болушу мүмкүн. Калган талапкерлердин бардыгы жалпысынан жарандардын 5%дан төмөн колдоосуна ээ болот.

Кыргызстандыктардын 21,57%ы кимди тандай турганын азырынча чече электигин, же социологдордун суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Ал эми 9,49%ы бардык талапкерлерге каршы добуш берерин айтышкан.

Сурамжылоо телефон аркылуу маектешүү методу аркылуу жүргүзүлгөн. Сурамжылоого бир үйдөн бир гана адам катышкан. Респонденттердин ичинен эркектер – 53%, аялдар – 47%ды түзгөн. Калктын жашаган аймагынын түрлөрү боюнча шаар тургундарынын үлүшү 44,4%ды түздү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер