ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ПРЕЗИДЕНТТИН СЫЙ-УРМАТЫ
- 13.08.2024
- 0
13-августта Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өтүп, спортчуларды сыйлоо аземине Президент Садыр Жапаров катышты.
Мамлекет башчысы спорт тармагын жана спортчуларды мамлекет колдоону уланта берерин жана 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына даярдыкты азыртадан баштоо зарыл экенин билдирди.
“-Париж Олимпиадасына дүйнөнүн 206 өлкөсүнөн 10 000ден ашуун спортчу катышты. Кыргызстан 16 спортчусу менен 206 өлкөнүн ичинен медалдык эсеп боюнча 68-орунду ээледи. Ал эми Олимпиада оюндарына Азия чөлкөмүнөн катышкан 44 өлкөнүн ичинен биздин өлкө 15-орунду камсыздады. Катышкан 16 спортчубуздун алтоосу байге менен кайтып келип, барган спортчулар менен жеңген медалдарынын катышы боюнча биздин өлкө 206 мамлекеттин сап башында турду.
Караңыздарчы, бул эмне деген көрсөткүч, бул эмне деген сыймык!
Мына ошондуктан миллиондогон күйөрмандардын атынан, жалпы кыргызстандыктардын атынан баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Силер жараткан ийгиликтер – элиңердин төбөсүн көккө жеткире кубантып, ажайып сезимдерге бөлөп, Мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, улут биримдигин чыңдоого өзгөчө жетишкендик болду!
Кыргызстан бул ийгиликке жетүү үчүн социалдык өнүгүүнүн артыкчылыктарынын бири катары улуттун саламаттыгы менен адеп-ахлагына терең маани берип, дене тарбия жана спортко өзгөчө мамиле жасоо саясаты аркылуу ишке ашырууда.
Бул Олимп оюндарынын жыйынтыгы боюнча биздин баатыр балбандарыбыз: Айсулуу, Акжол, Мээрим тарых жаратып, эки ирет удаасы менен Олимп оюндарынын байге ээлери болушту. Аты аталган балбандар, силер баардыгыбызды кубанычка, сыймыкка бөлөдүңөр десем жаңылышпайм. Өзгөчө Айсулуу алтын кызыбыздын жаракатына карабастан, коло байгеси үчүн күрөшү баарыбыздын эсибизде калды десем жаңылышпайм. Силердин ар бир медалыңар, ар бир жеңишиңер — биз үчүн алтын! Силердин өзүңөр биз үчүн алтынсыңар. Жалпы Кыргызстан эли силер менен сыймыктанат!
Ал эми бизди эле эмес, бүт бокс дүйнөсүн таң калтырган Мунарбек өзгөчө алкышка, өзгөчө мактоолорго арзыйт.Олимп оюндарына биринчи жолу катышып жатса дагы, Мунарбек өзүнүн токтоолугу, жөнөкөйлүгү, салкын кандуулугу, ошондой эле өзгөчө техникасы менен айырмаланып, атаандаштарын биринин артынан бирин жеңип келди. Мунарбектин жеңиши Кыргыз боксунун тарыхында Олимпиада оюндарынын алгачкы медалы болуп калды. Буга чейин Мунарбек Дүйнө чемпионатынын байге ээси болсо, эми Олимпиада оюндарында бокс боюнча алгачкы медалды жеңип, дагы бир жолу кыргыз боксунун тарыхын жаңылады»,-деди өлкө башчысы.
Президент мындан тышкары Париж Олимпиадасы коӊшу өлкөлөрдүн достук мамилесин, биримдигин чыӊдаганын кошумчалады.
“Париж Олимпиадасында тарыхы, тамыры бир, тили менен дили орток кыргыз, казак, өзбек күйөрмандарынын өз ара ынтымагы дүйнө жүзүнө даӊазаланганын айтпай кетүүгө болбойт. Спортчулардын чет жерде бири-бирине ылым санашып, тууган сезишип, жеӊиш сезимдерин бөлүшүп, көкүрөк тийгизип кучакташкан көз ирмемдери үч элдин эзелтен бери келаткан достук, тууганчылык, жакын коӊшулук мамилесин арттырды. Кыргыз, казак, өзбек элинин ынтымагы мындан ары да чыңдала берсин”, — деди Президент.
Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барып, алты медаль менен кайтышты. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу да финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.
Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков коло байге утуп келишти. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да коло медалдын ээси болду.
Бул Олимппиада оюндарына андан тышкары дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских, грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта Амантур Исмаилов, эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмак ченинде Эрназар Акматалиев, 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу, кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмакта Айпери Медет кызы, эркин күрөштөн 125 кг салмакта Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова катышты.
Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медаль алган олимпиадалык мелдеш болду. Эгемен Кыргызстан үчүн 2000-жылы Сидней олимпиадасында жердиги казакстандык дзюдочу Айдың Смагулов коло байге, 2008-жылы Бээжин олимпиадасында балбандар Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуриев коло медаль жана 2021-жылы Токио оюндарында Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп келишкен.
Спортчуларды сыйлоо аземинде Париж олимпиадасында байгелүү орундарга ээ болгон олимпиадачылар мелдештерде сүрөөнгө алып, кубаттап турган кыргызстандыктарга жана машыгууларга шарт түзгөн өлкө жетекчилерине ыраазычылык билдиришип, эмки 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтө турган олимпиада оюндарында алтын байге утуп келүүгө убада беришти.
Президент Садыр Жапаров Париж олимпиада оюндарына катышкан 16 спортчуга, алардын жеке машыктыруучуларына, устаттарына жана спорттук медицина кызматкерлерине акчалай сыйлыктарды жана спортчулардын ар бирине автоунаанын ачкычын тапшырды.
Олимпиадада күмүш медаль алган спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сомдон жана бирден автоунаа берилди.
Коло медаль утуп келишкен Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Айсулуу Тыныбекова 7 млн сомдон жана бирден автоунаа алышты. Олимпиада оюндарында байгелүү деп эсептелген бешинчи орунду ээлеген балбандар Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев, Бекзат Алмаз уулу, Амантур Исмаиловго 1 млн сомдон жана бирден машине берилди.
Ошондой эле олимпиада оюндарынын катышуучулары Айбек уулу Кубанычбек, Елизавета Печорских, Эрлан Шеров, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов 500 миӊ сомдон жана бирден автоунаа ыйгарылды.
Андан тышкары машыктыруучулар менен дарыгелерге да акчалай сыйлыктар берилди.
26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж ХХХIII Жайкы Олимпиада оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Кыргызстандын намысын 16 спортчу спорттун 5 түрү боюнча коргоду. Анда жалпысынан 329 комплект медаль жеңүүчүлөргө тапшырылды.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер