ПРЕЗИДЕНТ БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫ

  • 18.10.2024
  • 0

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫ17-октябрда Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) академиясынын ачылыш аземи болуп өттү. Генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиянын ачылышына Президент Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫ

Бишкек шаарында коопсуздук кызматы үчүн кесипкөй адистерди даярдай турган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) академиясы расмий ачылды. 30 жыл илгери  окуу бөлүмү  болуп ачылган билим уясы-өлкө коопсуздугун камсыздаган дасыккан адистерди чыгарган адистештирилген жогорку аскердик окуу жайга — Академияга айланды. УКМКнын академиясын түзүү тууралуу жарлыкка  өлкө Президентти быйыл 30 – январда  кол койгон. Окуу жайдын имаратынын пайдубалына 2022-жылдын 3 — мартында “келечек кутучасы” салынып, курулуш иштери башталган.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫГенерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиянын ачылышына өткөн жумада Президент Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Мамлекет башчысы  Академиянын ачылышында, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдуруп, ыкчам кызматкерлердин күжүрмөн кесиптик даярдыгынын, талдап-ой жүгүртүүсүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген эле. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында Академия түзүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫ“Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат”, — деди Садыр Жапаров.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫСебеби, ушул убакка чейин өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келишкен.  Эми бул багыттагы адистер өлкөбүздө жаңы ачылган Академиядан даярдалмакчы. Академияда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, жетекчилик курамды окутуп чыгаруу, ошону менен бирге улуттук коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине илимий жактан изилдөөлөрдү жүргүзүү менен улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштери жүргүзүлөт.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫАкадемиянын ачылышында Президент Садыр Жапаров келечектеги кызматкерлерди тандоо кесипкөйлүккө, компетенттүүлүккө жана кызматка берилгендигине көңүл буруу менен кылдат жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ал өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткара ала турган мыкты талапкерлерди тандоо маанилүү экенин баса көрсөттү.

-Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Мында аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулат. Өлкө аймагынан тандалган 200 талапкерден  атайын комиссия тарабынан сыноодон  жана экзамендерден өткөн 40 курсант гана билим алат, — деген пикирин айткан УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫАкадемия кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу менен ар кандай кырдаалдарда сабаттуу чечим кабыл алууга, ишенимдүү иш алып барууга жол ача турган теориялык, укуктук билимдерин жаңыртып, практикалык көндүмдөргө көнүктүрүп, улуттук коопсуздук органдарынын илимий, укуктук, кесипкөйлүк муктаждыктарын канааттандырган жогорку окуу жайга айланып жана мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө маанилүү кадам болуп калаарына ишенээрин мамлекет башчы билдирген.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫ-Академиянын инфратүзүмү, болочок адистердин окуулары жана машыгуулары өтүүчү заманбап окуу жана аскердик корпустары учур талабына ылайык курулган.  Ошондой эле окуу жайда Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитетинин тарыхын чагылдырган музей, китепкана, курсанттардын ден соолугун чыңдоочу спорттук зал, стадион, жабык бассейн, ок атып, машыгуучу борбор, дин изилдөө борбору (мечит) жана курсанттардын ыңгайлуу жашоосун камсыздаган жатакана да бар. 5 багыт боюнча кафедра түзүлгөн: чалгындоо жана контрчалгындоо, юридикалык, гуманитардык, аскердик даярдык жана тил кафедрасы бар. Окуу мөөнөтү 5 жылды түзүп, 11-классты бүткөндөр атайын сынактар, конкурс аркылуу  кабыл алынат. Тапшыруу эрежелерге ылайык, атайын текшерүүлөрдөн өткөн, денсоолугу жана физикалык даярдыгы мыктылар тандалып кабыл алынат. Академияга сабак берүүчү мугалимдер жамааты да даяр. Эмдиги жылдан баштап окутууну баштайбыз,-дейт Академиянын жетекчиси, полковник Канжарбек Бокаев.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫ-Бул маанилүү окуу жай ар кандай себептерден улам 30 жылдан бери түзүлө алган эмес. Бирок, ушундай окуу жайды куруу демилгеси көп жылдан бери көтөрүлүп  келген. Ушул саамалык менен азыр эл аралык оор кырдаалга жана аскердик-саясий чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан өлкөбүз өзүнүн коопсуздугун чыңдоодо алга карай олуттуу кадам жасаган саамалык болду. Бул демилгени ишке ашырган өлкө жетекчилерине ыраазыбыз,-деген пикирин билдирди УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Идирис Мураталиев.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫ-Жаңы ачылган академия өлкөнүн коопсуздугун камсыздаган, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргогон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу борборго айланат. Кызматтын ардагерлери жана комитеттин азыркы курамы көптөн күткөн бул окуяны кубануу менен кабыл алдык. Улуттук коопсуздуктун маанилүүлүгүн эске алуу менен Академия мыкты кадрларды – жогорку билимдүү, адеп-ахлактык жактан таза жана мекенчил кызматкерлерди тандоо салтын карманат деп ишенем. Академиянын бүтүрүүчүлөрү өз убагында беш, он, атүгүл он беш жыл алдыда болгон билимге жана жөндөмгө ээ болушу күтүлүүдө. Бул аларга коопсуздуктун эң татаал проблемаларын натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет, — дейт УКМКнын ардагери, отставкадагы генерал-лейтенант Токон Мамытов.

Академияда кесиптик билим алууга керектүү бардык шарттар түзүлгөн.

ПРЕЗИДЕНТ  БИШКЕКТЕ УКМК АКАДЕМИЯСЫН АЧТЫ1993-жылдын 19-апрелинде улуттук коопсуздук министри, генерал-лейтенант Анарбек Бакаевдин буйругу менен атайын окуу түзүмү негизделген. Кийинчерээк жогорку курс, андан соң окуу борбору деп аталып келди. Өкмөттүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, УКМКнын Окуу борбору, генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту деген макамга ээ болгон.

УКМКнын академиясынын ачылыш аземине Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да катышып, Академия  келечекте өлкөбүздөгү алдыңкы окуу жайлардын бирине айланаарын билдирген.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Фотолору Султан Досалиевдики

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер