ПОЭЗИЯ — ТЕҢДИКТИН ЖАРЧЫСЫ

  • 04.12.2023
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Чүй облусунун Ивановка айыл өкмөтүндөгү  №3 башталгыч мектебинде “ПОЭЗИЯ — ТЕҢДИКТИН ЖАРЧЫСЫ” аттуу поэзия кечесин өткөрдү.

ПОЭЗИЯ — ТЕҢДИКТИН ЖАРЧЫСЫ

Иш-чарада КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жыпара Исабаева, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Абдыжалил Бетегеев жана КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Венера Акматова ата-эне, кыз-келин, бала, жаратылышты коргоо тууралуу ырларын окуп беришти. Бул поэзия кечеси эл аралык “Зомбулукка каршы 16 күндүк акциясынын” алкагында, гендердик зомбулукка көңүл бурдуруу максатында уюштурулган.

Ивановка айылынын тургундары Роза Суурулова жана Акылбек Турсуналиев атындагы № 2 мектептин 11-классынын окуучусу Малика Сулайманова өздөрү жазган ырларын окуп беришти жана бул иш-чара алардын жан дүйнөсүнө азык берип, эс алдырганын айтып уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

ПОЭЗИЯ — ТЕҢДИКТИН ЖАРЧЫСЫ

Андан сырткары Жекшенов Асан жана Мелисбек кызы Айсулуу мындай иш-чаралар үй-бүлө ичинде ынтымыкты, сый-урматты жогорулатаарын баса белгилешип, “Поэзия кечелери” дагы көп өткөрүлүп турса деген тилектерин билдиришти.

ПОЭЗИЯ — ТЕҢДИКТИН ЖАРЧЫСЫ

Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова акындарга, кечеге келген Ивановка айылынын тургундарына ыраазычылыгын билдирип өттү.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, жарандардын маданий-агартуу  эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Ивановка айыл өкмөтүндөгү поэзия кечеси  “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун  колдоосу менен уюштурулду.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер