PISA – 2025: ДАЯРДЫКТАР, СУНУШТАР

  • 11.01.2023
  • 0

PISA – 2025: ДАЯРДЫКТАР, СУНУШТАР

10-январда Ош билим берүү институтунун уюштуруусунда “Окуучуларды PISA — 2025 изилдөөсүнө даярдоонун жолдору” аттуу вебинар өттү. Бул тууралуу аталган институттун директорунун орун басары Жаңылай Ниязова билдирди.

PISA – 2025: ДАЯРДЫКТАР, СУНУШТАР

Билим берүү кызматкерлеринин Январь усулдук окуусунун алкагында уюштурулуп жаткан бул вебинарга Ош облусундагы бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери, андагы PISA боюнча жооптуулар, ошондой эле каалоочу бардык мугалимдер катышты. 

Маалыматка ылайык, вебинардын жүрүшү төмөнкүдөй багыттагы презентациялар менен коштолду:

Жаңылай Ниязова – PISA — 2025 изилдөөсүнө билим берүү мекемелеринин даярдыктары;

Кундуз Арапова – PISA — 2025 изилдөөсүнө даярданууда тесттер менен иштөө жана баалоо;

Тынчтыкбек Досмуратов – PISA — 2025 изилдөөсүнө даярданууда STEM багытынын артыкчылыктары.

Иш-чаранын соңунда спикерлер катышуучулардын суроолоруна жооп берип, өз презентациялары менен бөлүштү.

PISA – 2025: ДАЯРДЫКТАР, СУНУШТАР

Бөлүшүү

Комментарийлер