ПИЛОТТУК КОЛЛЕДЖДЕРДЕ ИШКЕРЛИККЕ ОКУТУУ ҮЧҮН ТРЕНЕРЛЕР ДАЯРДАЛА БАШТАЛДЫ

  • 18.09.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында иштелип чыккан “Ишкердиктин негиздери жана ишкердик көндүмдөрү” программасын пилоттоо үчүн тренерлерди даярдоого багытталган тренингдердин сериясын улантууда.

Программа студенттерди реалдуу чөйрөгө даярдоого, өздүк ишин ачуу жана өзүн өзү жумуш менен камсыздоону жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө өбөлгө түзүүчү жаңы көндүмдөрдү калыптандыруу максатында иштелип чыккан.

Аталган программа орто кесиптик-техникалык билим берүү системасы үчүн биринчи жолу иштелип чыккандыктан, колледждердин билим берүү программаларына ишкердиктин негиздерин ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн окутуучулардын ичинен тренерлерди даярдоо зарылдыгы келип чыкты.

Өткөн жылы атайын критерийлер боюнча сегиз Алдыңкы тажрыйба борборунун окутуучулары тандалып алынган, алар азыркы учурда колледжердин базасында түзүлүүдө. Окутуучулар үчүн киришүү бөлүгү катары тренерлер үчүн тренингдин биринчи этабы өткөрүлдү. Үстүбүздөгү жыл ичинде актуалдуу эмес темаларды жана колледждердин студенттеринин рекациясын аныктоо үчүн тренерлердин жана программанын өзүн коштоо жүргүзүлдү.

Бүгүнкү “Ишкердиктин негиздери жана ишкердик көндүмдөрү” программасы компетенттүүлүк мамилеге негизделген, көптөгөн практикалык тапшырмаларды, кейстерди жана жандуу мисалдарды камтыйт жана окутуудагы интерактивдүү мамилени божомолдойт.

Ушуга байланыштуу тренерлерди даярдоонун экинчи этабы башталды, анын жүрүшүндө 35 адам окутууда колдонулуучу заманбап формалар жана каражаттар боюнча, окутуунун натыйжасына багытталган дисциплинаны окутуудагы актуалдуу дидактикалык мамилелерге окутулат.

Тренингдин катышуучулары окутуунун кызыктуу форматын, студенттер менен иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүү жана алардын демилгечилдик жөндөмүн өнүктүрүү, жалпысынан ишкердик жөнүндө маалыматтарды берүүдөгү татаал маселелер жана ийгиликтер жөнүндө бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

“Ишкердиктин негиздери жана ишкердик көндүмдөрү” программасын Кыргыз Республикасынын пилоттук эмес колледждеринин арасында андан ары жайылтуу үчүн окутулган окутуучулардын ичинен мыкты тренерлерди тартуу пландалууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер