ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН МЕТОДИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ — БУЛ МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ
- 10.12.2024
- 0
Талас облусунун Манас районуна караштуу Ш.Кочкорбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Педагогикалык кызматкерлердин методикалык компетенттүүлүгүн жогорулатуу — бул мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу» аттуу окуу—тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары үчүн облустук семинар өтүп жатат.
Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенованын айтканына караганда, семинардын башкы максаты — билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун ресурсу катары эффективдүү технологияларды, формаларды жана методдорду колдонуу.
— Семинардын алкагында сабак тренинг, мастер-класстар эң мыкты деңгээлде өтүлдү. Облус аймагындагы педагогдордун тажрыйба алмашуу семинарлары байма-бай өз убагында өтүлөт. Манас райондук билим берүү бөлүмүнө жана мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Бул да болсо педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатууда чоң өбөлгө түзөт, — дейт жетекчи.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер