Акматали Алимбеков «Туран» илимдер академиясынын академиги болуп шайланды

  • 22.01.2025
  • 0

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Акматали Алимбеков түрк дүйнөсүнүн орток педагогикалык баалуулуктары боюнча изилдөөлөрү үчүн  Ташкент шаарындагы «Туран» илимдер академиясынын академиги болуп шайланды.

Акматали Алимбеков «Туран» илимдер академиясынын академиги болуп шайланды
«Туран» түрк дүйнөсүнүн орток тарыхын, маданиятын изилдеген окумуштуулардын башын бириктирген Эл аралык илимдер академиясы. Буга чейин бул академиянын академиктигине дүйнөнүн 24 мамлекетинин өкүлдөрү шайланган.

Профессор Акматали Алимбековго академиктик көбөлүктү аталган академиянын Кыргызстандагы расмий өкүлү, педагагика илимдеринин кандидаты, доцент Фарида Баитова тапшырды.
Акматали Алимбеков «Туран» илимдер академиясынын академиги болуп шайланды

Маалыматтын автору: КР билим берүүсүнүн отличниги Ибраим Чотов.

Бөлүшүү

Комментарийлер