ПЕДАГОГДОР «ҮЙДӨ БОЛ!» АКЦИЯСЫНА ҮН КОШТУ
Кара-Көл шаарындагы №3 Фрунзе атындагы орто мектебинде «Мамлекетибиздин, элибиздин жаркын келечеги үчүн үйдө бол!» акциясы жүрүп жатат.
Видео кайрылууларда педагогдор өз окуучуларын коронавирус пандемиясын жеңиш үчүн баарынан мурун үйдө болууга, тазалык эрежелерин сактоого, бош убакытты кызыктуу китеп окуп, таасирдүү тасмаларды көрүп, пайдалуу өткөрүүгө, сабырдуу болууга чакырышты.
— Эл башына мындан да кыйын күндөр түшкөн. Аталарыбыз согушту да, ачарчылыкты да көрүшкөн. Бирок мүнкүрөшкөн эмес. Бул сыноону биз биримдик, ынтымак жана сабырдуулук менен жеңебиз, — дешти акылгөй педагогдор.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер