ПАРИЖ ПАРАЛИМПИАДАСЫНА БИРИНЧИ ЖОЛДОМО БАР!

  • 09.06.2024
  • 0

ПАРИЖ ПАРАЛИМПИАДАСЫНА БИРИНЧИ ЖОЛДОМО БАР!Сүйүнчү, спорт күйөрмандары!

 8-июнда Швейцария Ноттвиль шаарынан кубанычтуу кабар келди.  

Мүмкүнчүлүгү чектелген көзү азиз спортчулар арасында өткөн Эл аралык Гран-при жеңил атлетика мелдешинде кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева  1500 метр  аралыкты 6:18 секундда гид Юлия Фернас менен марага биринчи келип, Париждеги Паралимпиада оюндарына пара-жеңил атлетика боюнча   катышууга жолдомо утуп алды.

Ошентип биринчи паралимпиадачы  Гүлназ нормативди аткарып, 28-августтан 8-сентябрга чейин Франциянын борбору  Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарына катышууга жолун ачты.

Швейцариядагы Гран-при жеңил атлетика жарыштарынын жыйынтыгында Гүлназ Жүзбаева бир алтын жана бир күмүш медаль тагынды.

Бул өлкөбүздүн спорт тарыхында жеңил атлетика боюнча Паралимпиадага жолдомо алган биринчи азиз айым болуп саналат. Ошондой эле ал Кыргызстандын азиздер арасындагы жеңил атлетика федерациясынын президенти катары өзүндөй адамдарга жардам берип, шыктандырган мекенчил айымдардын бири.

ПАРИЖ ПАРАЛИМПИАДАСЫНА БИРИНЧИ ЖОЛДОМО БАР!Гүлназ  Жети-Өгүз районунун Даркан айылындагы катардагы орто мектепте, андан кийин Каракол шаарындагы Москва институтунун филалында окуп, англис тили жана адабияты мугалими адистигин алган. Андан соң  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медайымдык жана массаждык курсун да бүтүргөн.

2007-жылы ал биринчи жолу чет өлкөгө чыгып, ага дүйнөгө жол ачкан биринчи өлкө Индия болуп калды. Ал жерде азиздер арасында семинарга катышып, алардын арасында канчалаган ийгиликтүү адамдар бар экенин түшүнгөн.

Андан кийин окуусун чет өлкөдө – Индияда жана Швейцариядагы Луизианадагы азиздер борборунда уланткан. Ал 2021-жылы Бишкектеги Эл аралык форумда  жана 2019-жылы Эл аралык аялдар күнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун алдында чыгып, майыптардын укуктары жана көйгөйлөрү тууралуу сөз сүйлөгөн.

ПАРИЖ ПАРАЛИМПИАДАСЫНА БИРИНЧИ ЖОЛДОМО БАР!Гүлназ Жүзбаева – Кыргызстанда майыптардын укуктарын коргоочу активист да болуп саналат. Англис тилин мыкты билгендигинин аркасында азиздер жана дүлөйлөр коому Гүлназды ар кандай коомдук иштерге тарта баштаган. Ал жерде компьютердик сабаттуулук курстары бар болчу. Ал аудио программанын жардамы менен компьютерди колдонууга үйрөнгөн. Ал жактан чет элдиктерге жолугуп,  өзү сыяктуу көзү азиздер менен таанышып,  балалык кыялы болгон дүйнөгө саякаттоо тилегин ишке ашырган.ПАРИЖ ПАРАЛИМПИАДАСЫНА БИРИНЧИ ЖОЛДОМО БАР!2020-жылы ал Би-Би-Синин эң мыкты 100 айым тизмесине кирген. Кыргызстандын азиздер федерациясынын жана Азиздер спорт федерациясынын  жетекчиси Жүзбаева 2021-жылы Брайл арибинде котормочу болуп иштеген. Бул көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана алардын иш берүүчүлөрүн окутууну камсыз кылуу милдетин аткарган. Ал ошондой эле Empower Blind People бейөкмөт уюмунун тең-директору болуп саналат. 40 жаштагы майып спортчу Гүлназдын Умар деген уулу бар.

ПАРИЖ ПАРАЛИМПИАДАСЫНА БИРИНЧИ ЖОЛДОМО БАР!Ошондой эле  Гүлназдан сырткары кыргызстандык майып спортчулардын Париж Паралимпиадасына дзюдо күрөшүнөн жана жеңил атлетиканын башка түрлөрүнөн дагы жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөр бар.

13-15-июнь күндөрү дагы Париж шаарында дагы жеңүүчүлөргө  Паралимпиадалык оюндарга жолдомо бериле турган жеңил атлетика боюнча Эл аралык Гран-При турнир болот.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчулар 1996-жылкы Атланта Паралимпиадалык оюндарынан бери катышып келатышканы менен байгелүү орундага жетише элек.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер