ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛ АЧКАН СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ

  • 13.05.2024
  • 0

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛ АЧКАН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ9-майдан 13-майга чейин Түркиянын Стамбул шаарында спорттук күрөш боюнча  Париж Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган Дүйнөлүк лицензиялык акыркы турнир курч мүнөздө өтүп, айыгышкан таймашуулар болду. Ошентип Стамбулда кыргызстандык эки балбан олимпиадага жолдомо утуп алышты. Кыргызстандан Париж олимпадасына 10 балбан бармак болду.

Үзүр үмүттү актады

Мелдештин биринчи күнүндө 9-майда  грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар өтүп, килем үстүнө кыргызстандык балбандар Азат Салидинов (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Роман Ким (130) чыгып, өлкө намысын коргоду.

Азат Салидинов 1/16 финалдагы биринчи беттешинде молдовалык Михаил Брадуга жеңилди. Браду да кийинки беттешинде жеңилүү ызасын тартып калгандыктан, Азат Олимпиаданын жолдомосу үчүн беттешти улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, четтеп калды.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛ АЧКАН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ

Токио олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков 1/16 финалда болгариялык Калоян Ивановду жеңип, бирок экинчи кармашында финляндиялык Арви Саволайненден жеңилүү ызасын тартып калды. Ошондой эле  Роман Ким да 1/8 финалда азербайжандык Сабах Шариатиге утулду.

Бирок Жусупбеков менен Кимди уткан балбандар финалга чыккандыктан, аталган эки спортчу көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алышкан эле.  Башкача айтканда алар Олимпидага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек болчу.

10-майда Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште хорватиялык Филип Сметко менен күч сынашып, аны артыкчылык менен 12:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн таймашууга жолун ачты.  Үзүр коло медаль үчүн күч сынашууда жапониялык Юри Наказатону 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн эрте артыкчылык менен утуп алды.

97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Үзүр Жусупбеков 2024-жылкы Олимпиада оюндарына көксөгөн жолдомо үчүн күрөштө германиялык Лукас Лазогианис менен беттешип, аны утуп алуу менен Париж олимпиадасына жолдомого ээ болду.  Немис балбаны 23 жашта эле. Ал Европа чемпионатынын жана 2023-жылы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси болуп, баралына келип турган балбан болчу.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛ АЧКАН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ

97kg GR — Uzur Dzhuzupbekov (KGZ)

Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков 28 жашта. Ал 2019-жылдагы Азия чемпиону, 2016, 2018- жана 2022-жылкы Азия чемпионаттарынын коло байге ээси. Ошондой эле 2023-жылкы Азия чемпионатынын финалисти. Үзүр дагы 18-Азия оюндарында коло медалын уткан жана Токио Олимпиадасынын катышуучусу.Ошентип Үзүр Жусупбеков экинчи ирет олимпиадага катышмак болуп, Стамбулда үмүттү актады.

Ал эми оор салмакта Роман Ким грекиялык Николаос Нтоуниас менен күрөшүп, утулуп калып, жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап арманда калды.

Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта жеңип чыккан үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилди: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алып жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болушту.

Грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков 60 кг, Акжол Махмудов 77 кг жана Амантур Исмаилов 67 кг салмактарда Олимпиадага жолдомо утуп алышкан.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган соңку турнир болуп саналды. Бул мелдеште балбандарга Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алууга акыркы мүмкүнчүлүк берилди.

Сезим менен Арууке олимпиадага барбай калышты

10-майда Стамбулдагы Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште кыз-келиндер күч сынашып, курч таймашуулар болду. Мында Кыргызстандын намысын эки балбан кыз: Арууке Кадырбек кызы менен Сезим Жумназарова коргоду.

53 кг. салмакта Арууке Кадырбек кызы 1/8 финалда Мариана Драгутанга (Молдова) утулуп калды. Бактыга жараша молдовалык кыз финалга чыгып, Аруукенин жооткотуучу беттешүүгө жолу ачылган эле. Тилекке каршы  биринчи атаандашы австриялык Олександра Когуттан жеңилүү ызасын тартып, жаштык кылып Париж олимпиадасына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калды. Ошондой болсо дагы  19 жаштагы Арууке үчүн Стамбулдагы лицензиялык турнир чоң сабак болду.

Балбан кыз Сезим Жуманазарова 57 кг салмакта күч сынашты.  Жуманазарова таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи беттешинде  норвегиялык атаандашы Аннетт Хойе килемге чыкпагандыктан, ал 1/8 финалга өткөн болчу. 1/8 финалда Жуманазарова намибиялык Эстер Абрахам Кавелишимве  менен күч сынашып, аны 26 секунд ичинде 10:0 эсебинде жеңип алган.

Бирок Сезим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдештин чейрек финалында Джуллия Оливейрадан (Бразилия) жеңилүү ызасын тартып калды. Жарым финалда бразилиялык атаандашы финалга чыгып,  Сезимдин жооткотуучу беттешүүгө жолу ачылган эле.  Анда италиялык Аврора Руссо менен күч сынашып, атаандашына аз упай менен алдырып койду.  Аны жеңип алса, коло байге үчүн өзбекстандык Лайлихон Сабирова күрөшмөк.  Тилекке каршы Сезим дагы  Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн  чечүүчү беттешке өтпөй калды.

Белгилей кетсек, Сезим Жуманазарова — Кыргызстандын атактуу балбан кыздарынын бири, дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси  Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси.

Кыз-келиндер күрөшүндө 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 кг, Айпери Медет кызы 76 кг жана Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта жолдомо алган.

Эркин күрөштөн дагы Айаал Лазарев жолдомо алды

11- 12- майда эркин күрөш боюнча Олимпиадалык жолдомо үчүн таймашуулар болду. Мында Кыргызстандын намысын 3 балбан коргоп, багын сынап көрүштү. Алар: 74 кг салмакта Орозбек Токтомамбетов, 86 кг салмакта Атай Изабеков жана 125 кг оор салмакта Айаал Лазарев килем үстүндө намыс талашты.

74 кг салмакта Орозбек Токтомамбетов алгач болгариялык Рамазан Рамазановду утканы менен 8/1 финалда италиялык Франк Чамисо Маркестен жеңилүү ызасын тартып калып, олимпиадага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн колдон чыгарды.

86 кг салмакта Атай Изабеков биринчи беттешүүдө эле түркиялык Осман Гоченге алдырып коюп, мелдештен четтеп калды.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛ АЧКАН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ125 кг салмакта Азия чемпиону, Азия оюндарынын коло байге ээси Айаал Лазарев 8/1 финалда ямайкалык  Аарон Жонсонду 2 минута 56 секундда артыкчылык менен мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалдагы беттешүүдө анын атаандашы жердиги кыргызстандык учурда Өзбекстандын намысын коргоп жүргөн Хасанбай Рахимов болуп, 4 минутта Айаал утуп алып, жарым финалга жолун ачты. Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн таймашууда Дүйнө кубогунун жана Европа чепионаттарынын жеңүүчүсү венгриялык Даниэль Лигети менен күч сынашты. Даниэль дагы  2012-жылы Лондон жана 2016-жылкы Рио-де-Жанейро  Олимпиада оюндарынын катышуучусу болуп, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алууга дилгир эле.  Айаал чечүүчү күрөштө венгриялык Даниэль Лигети 12:2 эсебинде утуп, жеңишке жетти.  Ошентип, оор салмакта күч сынашкан балбаныбыз АЯАЛ ЛАЗАРЕВ 2024-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛ АЧКАН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШАйаал Петрович Лазарев  38 жашта, Россия Федерациясынын Якутск автономиялуу республикасынын Верхневилюйск шаарында туулган.  Студенттер арасында Россиянын чемпиону болгон. Кыргызстандын намысын эркин күрөш боюнча коргоп, өлкөбүздүн атуулдугун алган балбан.  2015-жылкы Азия чемпиону жана Азия чемпионаттарынын көп жолку күмүш жана коло  байге ээси болуп саналат. Дүйнө Кубогунда коло медаль тагынган. 2016-жылкы Рио-де-Жанейро жана 2020-жылкы Токио Олимпиада оюндарынын катышуучусу.  Былтыр Кытайда өткөн Азия оюндарында үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болгон. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери.

Жакында эле Бишкекте Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык  турниринде эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу жана 65 кг салмакта Эрназар Акматалиев атаандаштарын жеңип, Париж Олимпиадасына жолдомо алышкан. Үчүнчү жолдомонун ээси Айаал Лазарев болду.

Учурда Париж Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчуларынын 11 жолдомосу бар. Алардын 10ун балбандар жеңип алышты. Грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 60 кг, Акжол Махмудов 77 кг, Амантур Исмаилов 67 кг жана Үзүр Жусупбеков  97 килоргамм салмактарда Олимпиадага жолдомо утуп алышкан.

Кыз-келиндер күрөшүндө 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 кг, Айпери Медет кызы 76 кг жана Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта жолдомо алган.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону олимпиадалык оюндарда спортчулар бир дагы алтын медаль утуша элек. Жайкы олимпиаданын 3 күмүш, 4 коло медалы менен гана чектелип келатышат. Кыргыз спорт күйөрмандары отуз жылдан ашуун убакыттан бери күткөн алтын байгелерди Париж олимпиадасында жеңип алышат деген үмүт жана ишеним бар. Аны алдыдагы олимпиадалык таймашуулар көрсөтөөр.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер