ПАРИЖ-24: ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ
- 07.08.2024
- 0
Сүйүнчү!
6-августта түнкү саат 23:45те ггрек-рим күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, атактуу балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль утуп, кыргыз элин сүйүнүчкө бөлөдү. Ал коло байге үчүн күрөштө ирандык Мехди Мохсеннежад беттешип, атаандашын 3:1 эсебинде жеңип алып, Париж олимпиадасынын байге эсебин расмий ачты. Буга чейин ирандык атаандашы менен төрт ирет жолугуп, төрт жолу утуп алган. Ошентип, ирандык Мехди Мохсеннежадди бешинчи ирет жеңилүү ызасын тарттырды.
Кечээ болсо Жоламан жарым финалдык беттеште жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Азия чемпиону Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде бир упай айырма менен жеңилип калганда баарыбыздын маанай чөгүп калган. Бул ирет Жоламан кечээки каталыгын оңдоп, жолборстой шамдагайлыгын, чеберчилигин көрсөттү.
Жоламан Шаршенбеков менен Кеничиро Фумита эки жолу беттешкен. 2023-жылы Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Жоламан жапон атаандашын 11:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынган.
Ал эми 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында Кеничиро Фумита Жоламан Шаршенбековду 4:0 менен утуп алган эле. Парижде бул азиялык эки атактуу балбандын кыл чайнашкан үчүнчү беттешине күбө болдук.
Жоламан Шаршенбеков олимпиадалык мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону, казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде, чейрек финалда Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, румыниялык Разван Арнаутту 9:0 эсебинде артыкчылык менен утуп, жарым финалга чыккан.
Тарых жараткан Жоламанды, анын машыктыруучуларын, жеке устаты 84 жаштагы Хаким Махмудовду, ата-энесин, мугалимдерин жалпы кыргызстандык күйөрмандардын атынан жеңиши менен куттуктайбыз.
Жоламандын келечеги алдыда, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган жайкы олимпиадалык оюндардын чемпиону болушун каалайбыз!
МЭЭРИМ ЖУМАНАЗАРОВА АЛТЫН МЕДАЛЬ ҮЧҮН КҮРӨШӨТ
Эми бир аздан кийин кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмактын финалында алтын медаль үчүн Мээрим Жуманазарова менен америкалык балбан Элор Эмиттин күрөшүнө күбө болобуз. Кечээ, 5-августта дүйнө жана Азия чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим 1/8 финалда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда дүйнө жана Азия эки жолку чемпиону жапониялык Нонока Озакини 8:6 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, Африканын 13 жолку чемпиону, нигериялык Блессинг Оборудуду менен күч сынашып, атаандашын утуп, финалга чыккан эле.
Кыргызстандан Париж Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Учурда бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкканы эле колунда коло байгеси бар экенин билдирип турат.
Кыргызстан эгемен өлкө болгону олимпиада оюндарында 3 күмүш, 4 коло байгелүү болуп, алтын медалга жете элек. Парижде Жоламан бир коло медалды эсепке кошту. Учурда Мээрим алтын байгеге үмүт жандырып турат.
Ошондуктан кыргызды дүйнөгө тааныткан балбан кызыбызды сүрөөнгө алып, колдоп туралы!
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер