ПАРИЖ-2024: МУШКЕР МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ
- 09.08.2024
- 0
Сүйүнчү, кубанычтуу кабар!
Бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыкты.
Ал бокс боюнча мелдештерге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, өлкө намысын коргоп жатат.
Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдык баскычтан баштап, 1-августка караган түнү кубалык Сайдель Хортаны утуп, чейрек финалга чыккан эле.
Мунарбек Сейитбек уулу 4-августка караган түнү дүйнө чемпиону америкалык Жамал Харви менен беттешип, аттандашын жеңип алып, кыргыз боксунун тарыхында жарым финалга чыккан алгачкы мушкер аталган.
9-августка караган түнү ал жарым финалдык беттешке чыгып, Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча финалга чыккан алгачкы спортчу болуп, жалпы кыргыз калкын кубанычка бөлөдү. Жарым финалда Мунарбек Болгариянын намысын коргогон Хавьер Ибанес Диасты жеңип алды.
Ар бири 3 мүнөттөн турган үч раунддун жыйынтыгында калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңиш кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулуна ыйгарылды.
Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү, 28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын финалында алтын медаль үчүн 11-августка караган түнү Азиянын, дүйнөнүн жана Азия оюндарынын учурдагы чемпиону өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет.
Куттуктайбыз, финалда Мунарбекке жеңиш каалайбыз!
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер