ПАКИСТАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ТӨРТ МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫН КАРА ТИЗМЕДЕН ЧЫГАРДЫ

  • 17.11.2020
  • 0

Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медицина тармагында билим берген окуу жайлардын ичинен Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын, Ош мамлекеттик университетин, Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Эл аралык жогорку медициналык мектебин кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында (pmc.gov.pk) жарыяланды.

Мекеменин сайтында аталган төрт окуу жай дүйнөнүн 400дөй университети кирген жашыл тизмеге илинген. Бул Пакистандын Медициналык комиссиясы окуу жайларды кайрадан баалоодон өткөрүп, тааныгандыгын билдирет. Бирок Кыргызстандын дагы 12 окуу жай кара тизмеде калды.

Белгилей кетсек, октябрь айынын аягында Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер