«ОЙЛОР ЖАНА МАЕКТЕР» АТТУУ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 20.04.2022
  • 0

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 20-апрель – Кытай тилинин эл аралык күнүнө карата Кытай тилин үйрөнүүчүлөр, HSK сынагын тапшыруучулар үчүн HSK сөздүктөрүнүн жана Кытайдын тарыхында эле эмес дүйнө тарыхында аты таанымал Коңфузынын (Конфуций) жана анын шакирттеринин суроо-жооп иретиндеги маектерин, анын баалуу ойлорун камтыган Лун Йү — “Ойлор жана маектер” китебинин бетачары болду.

HSK сөздүктөрү мазмуну боюнча кытай тилин үйрөнүүчүлөрдүн окуу талабына толук жооп берет. Сөздүк жаңы HSK сынагынын талаптарына ылайык түзүлүп, иероглифтерменен кошо пиньини жана кыргыз тилиндеги котормосу берилген. Ошондой эле көп колдонулуучу сөздөрдүн комбинациялары, синонимдери жана антонимдери жазылган. Бул сөздөр окуучуларга HSK сынагы учурунда кездеше турган сөздөр менен алдын ала таанышууга өбөлгө түзөт. Мындай ыкмалар менен окуучулар жаңы сөздөрдү оңой жана бат үйрөнүп, сөз байлыгын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Сөздүктү  дайыма жанына алып жүрүүгө жана колдонууга да өтө ыңгайлуу болуп, каалаган жерде, каалаган убакта пайдаланса болот. Сөздүктү бир гана HSK сынагына даярдануу максатында эмес, жалпы эле кытай тилин окуп үйрөнүү үчүн да колдонууга мүмкүнчүлүк болот. Бул сөздүктү колдонуу менен кытай тилиндеги күнүмдүк кездешүүчү сөздөрдү үйрөнүүгө болот.

Ал эми “Ойлор жана маектер” жыйнагы – коңфузычылыктагы жана коңфузычылык илиминдеги маанилүү китептердин бири. Жыйнакта Коңфузынын жана анын шакирттеринин суроо-жооп түрүндөгү маектери, устаттын адамгерчилик, изгилик, адилеттүүлүк, алтын ортолук, өлкөнү кантип башкаруу керектиги жөнүндөгү баалуу ойлору камтылган. Китепти Коңфузынын шакирттери түзгөн.

HSK 1-3-деңгээл – кытай тилинен которгон Гүлина Конокбаева; Редактору Капар Токтошов.

HSK 4- деңгээл – кытай тилинен которгон Дастан Насиров; Редактору Капар Токтошов.

HSK 5- деңгээл – кытай тилинен которгондор Айзада Малабекова жана Алтынай Темиркан кызы; Редактору Капар Токтошов.

HSK 6- деңгээл – кытай тилинен которгон Дастан Насиров. Редактору Аида Надырбекова.

HSK сынагына жалпы даярдык: нускамалар, сынамык сынагы, жоопторду талдоо – кытай тилинен кторгон Алтынай Темиркан кызы; Редактору Назгүл Осмонова.

HSK атайын курсу: угуп түшүнүү, жазуу – кытай тилинен кторгон Дастан Насиров; Редактору Капар Токтошов.

“Ойлор жана маектер” – кытай тилинен которгон Алтынай Темиркан кызы; Редактору Капар Токтошов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер