ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ “ЖАШЫЛ ТОЛКУН” ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

  • 19.02.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинин студенттери “Жашыл толкун” республикалык сынагында алдыга озуп чыкты.

Жаштардын жашыл экономика боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана билим берүү мекемелеринин бизнес, мамлекеттик түзүмдөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын бекемдөө максатында ЖИА бизнес-ассоциация тарабынан Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында «Жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Жашыл Толкун» сынагында Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунун студенттик командасы «Жашыл чыгарма» номинациясын жеңип алды. Команданы э.и.к., бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти К.Самиева жетектеди.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ “ЖАШЫЛ ТОЛКУН” ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

Сынакка жогорку окуу жайлардан жалпы 23 команда катышып, анын ичинен 7 команда финалга чыккан.

Сынактын шарты боюнча аталган команда үч ай бою Ош шаарындагы «Раян мейманканасы» менен кызматташып, анын ишмерүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыгында жашыл экономиканын инструменттерин ишке ашыруу боюнча сунуштамалар берилди.

Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле аларга өлкөдөгү алдыңкы ишканаларга консультант-аналитик кызматына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү сунушталды. Бул сынак жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү жаатында жаштардын активдүүлүгүн арттырып, алардын келечектеги карьерасына кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты деп ишенимдүү айтсак болот.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер