ОшТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ӨЗБЕК ОКУТУУЧУЛАРЫНАН САБАК АЛУУДА
- 24.11.2022
- 0
А. Навои атындагы Ташкент мамлекеттик тоо-кен иштери жана технологиялары университетинин белгилүү илимпоз-педагогдору ОшТУнун энергетика факультетинин жана гуманитардык-технологиялык колледжинин энергетика багытында билим алып жаткан студенттери үчүн окуусун баштады.
Эки жогорку окуу жайдын ортосундагы келишимге ылайык, илимпоз-педагогдор студенттерге энергетика багытына байланышкан бардык адистик сабактарын онлайн жана офлайн форматта өтөт. Азырынча ОшТУнун студенттери лекцияларды онлайн түрдө окуп жатат. Кийинчерээк эки университеттин илимпоз-педагогдору окуу жайларга барып сабактарды офлайн өтүшмөкчү.
Айгерим Токтобаев “КУТ БИЛИМ”
Бөлүшүү
Комментарийлер