ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ФЕРГАНАДА

  • 21.11.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын костюм жана текстиль искусствосу жана жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы багытында билим алып жатышкан студенттер Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы Фергана политехникалык институтуна практикага барышты.

Студенттер жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу, ОшТУнун практика башчысы М.Ибраеванын жетекчилиги менен эки окуу жайдын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык Фергана шаарында болушту. Алгач ОшТУдан барган топ Фергана политехникалык институтунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыккан соң институттун өндүрүштүк ишканаларына барып, практикадан өтүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер