ОШТУНУН СТУДЕНТИ САМБО БОЮНЧА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ
- 22.11.2022
- 0
Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин 3-курсунун студенти Адил уулу Алтынбек Ош шаардык балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин күрөштүн Самбо түрү боюнча ачык биринчилигинде 98 кг салмакта биринчи орунга ээ болду.
Оор салмакта күч сынашкан балбаныбыз самбо күрөшү боюнча буга чейин дагы бир нече жолу шаардык, республикалык мелдештерде жеңишке жетип келген. Мындан дагы спортто дүйнөлүк чоң мелдештерде ийгилик жаратам деп аракет кылып келет.
Бөлүшүү
Комментарийлер