ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ РФДА КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 13.06.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин окутуучулары Мухаммедсадык Ысламов менен Айгерим Жаанбаева Москва шаарында өткөрүлгөн “Новое поколение” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышып келди.

Иш-чаранын алкагында алар Ярослав Мудров атындагы Новгород мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн “Новое поколение” аттуу 10 күндүк илимий стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Стажировканын жүрүшүндө Россия илимий фондуна (РНФ “Искусственный интеллекттин жардамы менен энерго системадагы авариялардын алдын алуу” деген темада илимий долбоор сунушташты.

 

Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер