ОШТУНУН 3 СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ АЛДЫ

  • 26.12.2023
  • 0

Салтка айланган жакшы жөрөлгө боюнча өлкө боюнча мыкты студенттер президенттик стипендияга ээ болду. Аны 23-декабрда Президент Садыр Жапаров өзү тапшырды.

ОШТУНУН 3 СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ АЛДЫ

Окууда мыкты ийгиликтерди жаратып, аракети менен көпчүлүктөн айырмаланган 75 студент 60 миң сомдон акчалай сыйлык алды. Алардын катарында Ош технологиялык университетинен энергетика факультетинин студенти Айдарбек Турапов, экономика жана башкаруу факультетинин студенттери Тунук Райымбердиева жана Бегимай Жамалдинова да бар.

ОШТУНУН 3 СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ АЛДЫ

“Сыйлык жалкы – сыймык жалпы” демекчи, ОшТУнун жалпы жамааты алдыңкы студенттерин ийгиликтери менен куттуктап, мындан да бийиктиктерди багындыра беришине тилектештигин билдирет.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер