МУГАЛИМДЕР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

  • 23.10.2024
  • 0

Ош билим берүү институтунда быйылкы окуу жылынын курстарына жаңылык катары “Билим берүү жараянын уюштурууда жасалма интеллектти колдонуу” темасындагы лекция киргизилди.

МУГАЛИМДЕР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Институттун информатика кабинетинин башчысы, аталган сабактын лектору Тынчтыкбек Досмуратов “Жасалма интеллекттин билим берүү тармагында туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жаңы ыкмалар менен таанышышат”, — деди.

МУГАЛИМДЕР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Курстун катышуучусу, кыргыз тили жана адабияты мугалими Айпери Тажибай кызынын айтуусунда лекция практикалык сабактар менен улантылып, анын жүрүшүндө мугалимдер педагогикалык ишмердүүлүгүнө жаңы технологияларды ийгиликтүү интеграциялоонун жолдорун изилдешкен. Ал курс аяктаган соң нейросеттер боюнча үйрөнгөндөрүн өзү иштеген мектебиндеги кесиптештерге бөлүшүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.

МУГАЛИМДЕР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Бөлүшүү

Комментарийлер