ОШТУГА ТҮШТҮК КОРЕЯДАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ
- 15.07.2025
- 0
ОшТУдагы Сежоң корей тили борборунда окуган студенттер үчүн 14-июлдан 18-июлга чейин Суңшил университетинин өкүлдөрү корей тили жана маданиятына арналган жайкы лагерь өткөрүүдө.
Корея Республикасынын белгилүү жогорку окуу жайларынын бири болгон Суңшил университетинин окутуучулар жана студенттер курамынан 32 адамдан турган ыктыярчылар тобу Ош технологиялык университетинде уюштурулган жайкы мектепке (summer school) келишти.
12–13-июль күндөрү ыктыярчылар ОшТУнун окуу корпустарында бир нече окуу кааналарын сырдап, иретке келтирүү жана тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ал эми 14-июлдан 18-июлга чейин Суңшил университетинин өкүлдөрү ОшТУдагы Сежоң корей тили борборунда окуган студенттер үчүн корей тили жана маданиятына арналган жайкы лагерь өткөрүп беришет. Бул иш-чаранын алкагында студенттер корей тилин үйрөнүү менен бирге, корей элинин маданияты, үрп-адаты жана баалуулуктары менен да таанышат.
Ыктыярчылар тобунун ОшТУга келүүсүнүн башкы максаты — эки өлкөнүн жана эки жогорку окуу жайдын ортосундагы достук жана билим берүү жаатындагы кызматташтык мамилелерди чыңдоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, Суңшил университети менен Ош технологиялык университетинин ортосунда 2018-жылы түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында жыл сайын жай мезгилинде ыктыярчылар тобу келип, кыргыз студенттери үчүн корей тили жана маданияты боюнча жайкы мектепте окутуу лагерлерин уюштуруп келишет.
Суңшил университетинен келген делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу пикир алмашуулар жүрдү. Жолугушууда тараптар мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулап, эки окуу жай ортосундагы байланышты тереңдетүү ниеттерин билдиришти.
ОшТУнун басма сөз кызматы.






Комментарийлер