ОШТУДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 15.05.2024
  • 0

ОшТУдагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында уюштурулган эл аралык илимий-практикалык конференция КРнын Инженердик академиясынын академиги, т.и. доктору, профессор Болотбек Сейитовдун 70 жылдыгына арналды.

ОШТУДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

“Инновациялык экономиканы туруктуу өнүктүрүүнү колдоодо санариптик технологияларды башкаруу” темасындагы конференцияны расмий ачкан ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

ОШТУДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

 

Эл аралык илимий-практикалык конференцияга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Автономдуу коммерциялык эмес уюму илимий коммуникациялар институтунун президенти, Туруктуу өнүгүү жана технологиялык лидерлик консорциумунун төрайымы Елена Попкова, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана проректорлору, ж.б. белгилүү илимпоз окумуштуулар катышты.

Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген окумуштуулар пленардык баяндамаларга күбө болушту. Секцияларда өткөн баяндамаларда 100 жылдык тарыхта болгон олуттуу өзгөрүүлөр жана өнүгүүлөр, анын кыргыз эли үчүн орду тууралуу орчундуу пикирлер айтылды.

Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы чыгарылып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Уюштуруу тобу мыкты баяндамачыларга сыйлыктарды тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер