ОШТУДАГЫ 30 ЖЫЛДЫК ЖОЛУГУШУУ

  • 15.05.2024
  • 0

Ош технологиялык университетин 1994-жылы ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрү 30 жылдан кийин жолугушууга келишти. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

ОшТУнун курулуш адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөр билим уясында жолугуп, билим берген агай-эжейлерин, группалаштарын, студенттик күндөрүн эске салышты.

ОШТУДАГЫ 30 ЖЫЛДЫК ЖОЛУГУШУУ

Окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев бүтүрүүчүлөрдү жылуу тосуп алып, Ош технологиялык университети үчүн ар бир бүтүрүүчү маанилүү экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында жаңыланган университет боюнча экскурсия, профессор-окутуучулар курамы менен жолугушуулар уюштурулду.

Бүтүрүүчүлөр окуу жайга жана окутуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Ош технологиялык университети бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат, бүтүрүүчүлөр менен байланыштар үзүлбөй, дайыма алар үчүн эшиги ачык.

Бүгүнкү күндө ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү өз кесиби боюнча алыскы жана жакынкы коңшулаш мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер