ОШТУДА КЫТАЙ ЛАБОРАТОРИЯСЫ АЧЫЛАТ

  • 31.05.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин базасында Кытай илимдер академиясынын Синьцзян институтунун маалымат технологиялары лабораториясы ачылат. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.

Ош технологиялык университети Кытайдагы Кытай илимдер академиясынын Синьцзян техникалык физика жана химия институту менен кызматташуу келишимине кол койду.

ОШТУДА КЫТАЙ ЛАБОРАТОРИЯСЫ АЧЫЛАТ

Онлайн режимде өткөн жолугушууга Ош технологиялык университети тараптан ректор, профессор Ж.Турсунбаев, сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор А.Т.Акматалиев, Кытай борборунун башчысы Ян Сяофын, котормочу Б.Абдурасулова жана кытай тараптан аталган институттун расмий өкүлү Чжоу Си жана көп тилдүү маалымат технологияларды изилдөө бөлүмүнүн директору Ван Лей, профессор Донг Жуй, эл аралык кызматташтык боюнча жетекчи Чжан Цзюнь катышты.

Кол коюу аземинин соңунда тараптар магистратура, докторантура жана аспирантурада жаш окумуштууларды биргелешип даярдоого, илимий багытта тажрыйба алмашууга, инновациялык долбоорлорду бирге иш жүзүнө ашырууга, ОшТУнун базасында маалымат технологиялары лабораториясын ачууга макулдашты жана материалдык-техникалык базаны кеңейтүү туурасында бир пикирге келишти.

Иш-чара ОшТУнун демилгеси менен өттү.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер