ОШТУДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ
- 14.11.2019
- 0
Ош технологиялык университетинде тайпалар аралык интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Иш-чара табигый техникалык факультетинин активисттери тарабынан студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү жана логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду. Анда жобого ылайык командалык курам менен жалпысынан сегиз команда ат салышып, натыйжада 1-орунду ПМИ-19 тайпасынын «Билим» командасы, 2-орунду ПИ-17 тайпасынын «Ынтымак» командасы, 3-орунду ИО-16 тайпасынын «Сеньорита» командасы багындырып, уюштуруу тобу тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер