ОШТУДА ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 01.11.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан Илим жумалыгына карата “БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарынын Борбор Азия өлкөлөрүндө ишке ашырылышы” аттуу конкурс өткөрүлдү.

ОШТУДА ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИАталган конкурска Экономика жана башкаруу факультетинин ар бир адистигинин студенттеринен түзүлгөн командалар катышты. Конкурстун шартына ылайык ар бир команда өздөрүнүн тандап алган өлкөлөрүндө БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарынын ишке ашырылышынын абалы жана иш-аракеттери боюнча маалыматтарды айтып, Кахут тиркемеси аркылуу суроолорго жооп беришти. Ошондой эле, ESG экология, социалдык жоопкерчилик, корпоративдик башкаруу контекстинин алкагында жаңы чакырыктар, перспективалар тууралуу суроолорго жооп беришип, анын жыйынтыгы менен мыкты катышуучу аныкталды.

 

ОШТУДА ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Конкурстун жыйынтыгында биринчи орунду экономика жана финансы кафедрасынын “Казакстан” командасы, экинчи орунду менеджмент кафедрасынын “Кыргызстан” командасы, ал эми үчүнчү орунду бизнес информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын “Түркмөнстан” командасы ээледи. “Мыкты катышуучу” номинациясы менен БИ-23 тайпасынын студенти Рахманбердиев Бектур сыйланды.

Жеңүүчү командалар уюштуруучулар тарабынан диплом, сертификат жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

 

Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер