ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТТҮ

  • 03.11.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде өткөн Ынтымак Эл аралык жаштар форуму окуу жайдын 60 жылдык мааракесине жана 10-ноябрь Жаштар күнүнө арналды.

Иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Тагаев, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ж.Жусупбеков, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын активдүү жаштары, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жаштар комитетинин жетекчилери катышты.

ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТТҮ

Эл аралык форумду ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев ачып, жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы экендигин баса белгилеп, жаштарды майрамы менен куттуктады. ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТТҮ

Форумдун пленардык жыйынында катышуучулар өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү. Ошондой эле, жыйында катышуучуларга өлкөбүздүн келечеги болгон жаштарга кесип тандоодо жана ал багыт боюнча өз чөйрөсүндө үзүрлүү эмгектенүүгө аракет кылуулары үчүн эң керектүү маалыматтар берилди. “Жаштар – мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү: чакыруулар жана кызматташтыктар” аттуу темада дискуссия болуп, азыркы мезгилдеги актуалдуу көйгөйлөр каралып, кызуу талкуу жүрдү.

ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТТҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун таланттуу студенттери кызыктуу концерттик программа тартуулашты.

 

Форумдун катышуучулары ОшТУга экскурсия жасашып, университеттин материалдык — техникалык базасы таанышып, окуу жай тууралуу маалыматтар маалыматтарды алышты.

Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Асылзат ЭРГЕШОВА,

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер