ОШТУДА ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 24.11.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде ноябрь айынын акыркы жума күнү Экономика жана башкаруу факультетинин күнү деп белгиленгендигине байланыштуу бул күндүн урматына майрамдык салтанат уюштурулду. Ага окуу жайдын жетекчилиги, факультеттин жалпы жамааты, андагы багыттар боюнча билим алып жатышкан студенттер жана сырттан чакырылган коноктор катышты.

ОШТУДА ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 

ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов жалпы факультеттин жамаатын жана студенттерин бүгүнкү майрамы менен куттуктап, экономисттердин коомдо орду өзгөчө экендигин белгиледи. Университеттин жана факультеттин коомдук иштеринде активдүү катышкан, окууда мыкты ийгиликтерди жараткан студенттерге университет жана факультет жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле, студенттердин ата-энелерине факультет тарабынан ыраазычылык кат берилди.

ОШТУДА ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 

Салтанаттуу иш-чарага экономика жана башкаруу факультетин аяктап, учурда өндүрүштө эмгектенип жатышкан бүтүрүүчүлөр дагы катышып, бүгүнкү күндөгү экономист адистеринин орду, өндүрүштөгү аткарган кызматтары тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.

 

Мындан сырткары, факультетке келген биринчи курстарын кабыл алуу жөрөлгөсү болуп, аларга билимдин символу болгон ачкыч жана зачеттук китепченин үлгүсү тапшырылды.

 

Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер