ОШТУДА БАЙЖИЕВДИН “ОН ЭКИНЧИ КҮНҮ”

  • 24.11.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Он экинчи күн” комедиясы коюлду.

Бул саамалык КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” үч айлыктын алкагында өтүүдө.

ОШТУДА БАЙЖИЕВДИН “ОН ЭКИНЧИ КҮНҮ”

Аталган спектаклди Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын актёрлору аткарышты. Иш-чара мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата арналып, келечек жаштарга кыргыз тилибиздин баалуулугун жана нарктуулугун дагы да бир жолу  даңазалоо максатын көздөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору  п.и.д., профессор А.Зулпуев сөз сүйлөп, музыкалык-драма театрынын актёрлоруна ыраазычылык билдирүү менен ийгилик каалады.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер