ОШТУ УЛЬЯНОВ МАМЛЕКЕТТИК ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 27.03.2023
  • 0

Россия Федерациясынын Ульянов мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык институтунун директору т.и.к. Павел Борисович ОшТУга иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында, П. Б. Пазушкинди ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, эки окуу жайдын ортосундагы ар тараптуу кызматташуу  талкууланды.

ОШТУ УЛЬЯНОВ МАМЛЕКЕТТИК ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

УлМТУ менен ОшТУнун ортосундагы байланыштарга ылайык, академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүүдөгү эл аралык талапка жооп берген кызмат көрсөтүүлөр сунушталды.

Студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн дагы адистикке багытталган кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу каралды. Ийгиликке жетүү үчүн өз ара кызматташуунун мүмкүн болгон бардык формаларында иш жүргүзүү боюнча макулдашуулар болуп, келишимдер түзүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер