ОШТУ ПЕРМЬ ПОЛИТЕХНИКАЛЫК УЛУТТУК ИЗИЛДӨӨ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 08.12.2022
  • 0

ОШТУ ПЕРМЬ ПОЛИТЕХНИКАЛЫК УЛУТТУК ИЗИЛДӨӨ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Пермь политехникалык улуттук изилдөө университетинен техника илимдеринин кандидаты, доцент В.Поплыгин ОшТУга иш сапар менен келди.  

Конокту окуу жайдын ректору Ж. Турсунбаев кабыл алып, эки университет ортосунда кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Пермь университети менен ОшТУда тектеш адистиктер/багыттар бар болгондуктан эл аралык билим берүүдө жана кадр даярдоодо биргелешип аракет кылуу маселелери каралды. Андан соң университеттин тышкы байланыштар жана инвестиция боюнча проректордун кабыл алуусунда болуп, эки тараптуу кызматташууда мындан аркы аткарылуучу иштер жана алгачкы аракеттер боюнча талкууланды.

ОШТУ ПЕРМЬ ПОЛИТЕХНИКАЛЫК УЛУТТУК ИЗИЛДӨӨ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Бөлүшүү

Комментарийлер