ОШТУ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

  • 30.05.2023
  • 0

Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү илимий мекемеси Россия биотехнология университетинин базасында (ФГУБ ВО РОСБИОТЕХ) «Дан азыктарынын перспективдүү технологиялары: функционалдуулугу, коопсуздугу, сапаты. Россия Арктикасынын калкын тамак-аш менен камсыз кылуу» аталыштагы II Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ОШТУ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Конференцияда ОшТУнун ААКИТ кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент  Жылдыз Ирматова катышып,  илимий консультанты Кубань мамлекеттик техникалык университетинин профессору Юрий Росляков тарабынан «Азыктык баалуулугу жогорулатылган десерт нанынын технологиясы жана рецепттери» деген темада доклад жасалды.

Бул конференциянын негизги багыты — дени сак тамактануу үчүн жаңы дан азыктарынын моделин жана технологиясын иштеп чыгуу, салттуу эмес өсүмдүк материалдарынын жаңы түрлөрү жана аларды тамак-аш системаларында колдонуу, дан азыктарынын функционалдык жана адистештирилген азыктарынын, ингредиенттеринин технологиясы  ж.б.

Бөлүшүү

Комментарийлер