ОШТУ КҮНДӨН ЭНЕРГИЯ АЛЧУ ПАНЕЛЬ КУРАТ

  • 20.06.2024
  • 0

ОшТУ Өзбекстан окуу жайлары менен биргеликте күндөн энергия алчу панел курууну жайылтат.

Ош технологиялык университетинен делегация Андижан айыл чарба жана агротехника институнуна тажрыйба алмашуу иш сапарына барды. Делегацияны т.и.к., профессор Ж.Турсунбаев өзү жетектеп барып, илимий потенциалды жогорулатуу, кош билим берүү, тажрыйба алмашуу, эл аралык рейтингге чыгуу боюнча бир катар маанилүү маселелерди талкуулады.

60 жылдык тарыхка ээ Андижан айыл чарба жана агротехника инситуту тамак-аш коопсуздугун чечүү, түшүмдүүлүктү арттыруу, заманбап чарба куруу, жашылча-жемишти өстүрүү, жыйноо, сактоо, кайра иштетүү, транспортировкалоо, экспорттоо боюнча Өзбекстанда орду бар, өнүгүү темпи жигердүү окуу жай. Өз каражатына 700 миң $ наркта күндөн энергия алуучу панель орнотуп, окуу жайды толук камсыздап, шаардык мекемелерге да электр энергиясын таратууга жетишкен.

Кыргызстандын түштүгүндөгү жалгыз технологиялык багыттагы жана энергетика адистигин даярдоочу жогорку окуу жай катары ОшТУ жакынкы район, шаарларга энергетика менен камсыздоону колго алуу миссиясын ишке ашырууда аталган окуу жайдын тажрыйбасы пайдалуу болду.

Эскерте кетсек, ОшТУ 2025-жылы Корея мамлекетинин колдоосу менен 20 кВт күн панелдерин куруу иштерин жыйынтыктамакчы.

Мындан сырткары, мехатроника, робототехника, айыл чарбасында курулуш жана тейлөө, эл аралык талап-суракка ээ болгон илимий эмгектерди авторлошуп, иликтеп-жарыялоо тууралуу макулдашуулар жүргүзүлдү. Андижан тарап Ош облусунда Корея ЖОЖдоруна, магистратура, докторантурага жөнөтүү борбору Ош технологиялык университетинде жайгашкандыгына, окутуучуларын Корея мамлекетине билим алууга жөнөтүүгө кызыкдар экендигин билдирип, 3 окутуучусуна сунуш берди.

Расмий жолугушуудан соң, эки университеттин 40+ окутуучуларынын ортосунда волейбол боюнча достук мелдеши болуп өттү.

 

Асылзат ЭРГЕШОВА,

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер