ОШТОГУ ЖОЖДОР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КҮЧҮН СЫНАДЫ

  • 27.01.2023
  • 0

Жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алып, аларды болтурбоо жана адамдар ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында окуу жайдын интеллект өнүктүрүү борбору тарабынан Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттеринен куралган жыйырма команда катышкан интеллектуалдык оюн өттү.

ОШТОГУ ЖОЖДОР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КҮЧҮН СЫНАДЫ

Оюндун жүрүшүндө командалар берилген суроолорго жооп берип, конкурстун шартына ылайык талаптарды аткарды. Мында негизинен жаштар арасында орун алып жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, аларды чечүүнүн жолдору жана учурдун талабына ылайык билим берүүгө арналган суроолор берилди. Оюндун жыйынтыгында, биринчи орунду ОшТУнун “No name” командасы алса, экинчи орунду ОшМПУнун “Билим кемеси” командасы, ал эми үчүнчү орунду КУУнун “АК-47” командасы камсыз кылды. Жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер