ОШТОГУ СЕЛДЕН БАЛДАР МЕКЕМЕЛЕРИ ДА ЖАБЫРКАДЫ

  • 16.07.2024
  • 0

14-июлда катуу жааган катуу жамгырдан кийин Ош шаарында сел жүрүп, бир топ социалдык объектилерди, ошондой эле жеке адамдардын үйлөрүн, Ак-Буура дарысынын жээгиндеги борбордук базардын айрым жерлерин суу каптады.

ОШТОГУ СЕЛДЕН БАЛДАР МЕКЕМЕЛЕРИ ДА ЖАБЫРКАДЫ

Табигый кырсыктан өзгөчө Ак-Буура дарыясынын баш жагында жайгашкан Төлөйкөн айылы катуу жабыркады. Бул жердеги эс алуу үйлөрүн суу каптап, сел жарандардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туудурган. Эс алып жүргөн төрт адамдын дайынсыз экени айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7 жашар кыздын жансыз денеси табылганын билдирди. Ак-буура дарыясына 7 автоунаа агып, Алишер Навои атындагы парктын жанындагы эки көпүрөнү сел алып кеткен. Учурда кырсыктын чыгымдарын эсептөө жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 300 кызматкери жана 12 атайын техника кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барууда. Селден жабыркаган имараттардын арасында балдар мекемелери да бар.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер