ОШТОГУ 31 МЕКТЕПТИН ОРДУН КИМДЕР ЭЭЛЕГЕН?
- 26.09.2023
- 0
Ош шаарындагы жалпы 52 мектептин ичинен 31 окуу жайдын жер тилкеси жеке жактарга өтүп кеткен. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мектеп курула турган жер тилкелерине тойкана, үй, дүкөн салынып кеткен факты аныкталды. Ош мэриясы кайтаруу иштерине киришти.
Жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана берүү фактылары 1996-2006-жылдар аралыгында эң көп катталганы белгиленди.
«Учурда мектептин жерлери кимге, качан, ким тарабынан берилгендиги тууралуу маалыматтар такталып бүттү. Анын жыйынтыгы менен бүгүн укук коргоо органдарынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, юристтердин катышуусунда жыйын өттү. Мында көрүлүүчү чаралар, мектептердин аянтын кайтарып алуу боюнча алдыда жасалчу жумуштар аныкталып, тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди», — деп айтылат маалыматта.
Комментарийлер