ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН ДИРЕКТОРЛОР ҮЧҮН КУРС УЮШТУРУЛДУ

  • 22.11.2024
  • 0

Ош билим берүү институту тарабынан жаңы дайындалган мектеп директорлору үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу уюштурулду. Аталган курс 2024-2025-окуу жылына карата түзүлгөн курстардын графигине жаңыдан кошулду.

ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН ДИРЕКТОРЛОР ҮЧҮН КУРС УЮШТУРУЛДУ

Ош билим берүү институттун кафедра башчысы, аталган курстун куратору Советбек Аматовдун айтуусунда курска жалпысынан 20 жаңы дайындалган директор катышты.

«Курска билим берүүнү башкаруу жана уюштуруу жаатындагы мыкты тренерлер тартылып, бул багытта ийгиликтүү болгон мектеп директорлорунун алдыңкы тажрыйбалары да сунушталды. Мындан сырткары катышуучуларга 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча да кенен маалыматтар берилди» — деп кошумчалады С. Аматов.

ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН ДИРЕКТОРЛОР ҮЧҮН КУРС УЮШТУРУЛДУ

Төмөнкү шилтеме аркылуу ушул жылы өтүлө турган курстардын графигин көрө аласыздар:

Бөлүшүү

Комментарийлер