ОШТО STEM-ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ  

  • 17.05.2022
  • 0

ЮНИСЕФ балдарды коргоо уюмунун колдоосу менен “Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы мектептерде “Илимдеги кыздар” долбоорун ишке ашырып келе жатышат. Бул программанын алкагында мектеп окуучуларына STEM тармагы боюнча кесипке багыт берүү максатында  университетте “STEM фестивалы” уюштурулду.  

ОШТО STEM-ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ  

ОШТО STEM-ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ  

Ага Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайлар, ондогон окуу борборлор, мектептер катышты.  Фестивалда илимге, техникага, программалоого, табигый илимдерге кызыктыруучу мастер-класстар, STEM жана ментордук программалар жана технологиялардын колдонулуштары боюнча презентациялар  көрсөтүлдү.

 

Иш-чаранын алкагында  окуучу-кыздар Ош шаарындагы жогорку окуу жайларга экскурсияга барышты. Бул долбоорго Ош шаарынан жана Кара-Суу районунан жалпысынан 20 мектеп катышууда.

ОШТО STEM-ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ  

— Долбоор 2020-жылы башталып, 14-17 жаштагы өспүрүм кыздарды илимге, техникага, технологияга жана искусствого кызыктыруу, өспүрүм кыздар арасында STEM багытын популярлаштыруу, “Илимдеги кыздар” долбоорундагы менторлордун тажрыйбаларын жайылтуу, ментордук программанын катышуучуларына тажрыйба алмашуу аянтчасын уюштуруу, ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү жана STEM адистиктерине шыктандырууга багытталган. Долбоордун алкагында бүгүнкү күндө 80 окуучу-кыздар SECOM окуу борборунда ЖРТга даярдануу курсунда акысыз окуп жатышат. Ал эми ментордук программага 50дөй устат эжекелер катышып 500гө жакын өспүрүм кыздарга долбоордун максаттарына ылайык иш- чараларды  өткөрүп,  кыздарга таалим берип жатышат. Фестиваль 29-апрелде жыйынтыкталды, — дейт долбоордун координатору Роза Кайыкова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер